www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын коменданты 1-майдан тарта калаада иштей турчу ишканалар тууралуу буйрукка кол койду.

Коменданттын буйругуна ылайык, 1-майдан тарта Бишкекте өнөр жай жана өндүрүш чөйрөсү иштейт. Анын ичинен:

энергетикалык өнөр жай;

химиялык жана нефтегаз өнөр жайы;

машина куруу, прибор жасоо жана электр техникалык өнөр жай;

тоо кен өнөр жайы, түстүү жана кара металлургия;

текстилдик жана булгаары-бут кийим өнөр жайы;

эмерек өнөр жайы;

курулуш материалдарды өндүрүү жана башка өнөр жай жана өндүрүш түрлөрү.

2. Курулуш тармагы:

курулуш объектилери;

сугат, таза суу жабдуулары, ошондой эле каналдар, жолдор жана көпүрөлөр чөйрөсүндөгү подряддык иштер;

кошо аткарылуучу жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр.

3. Транспорттук каражаттарды оңдоо жана тейлөө боюнча кызмат көрсөтүү чөйрөсү:

техникалык тейлөө жана оңдоо, май алмаштыруу жана сырдоо;

дөңгөлөктөрдү желимдөө жана түздөө;

жууп-тазалоо жана химиялык тазалоо.

4. Жеке жана мамлекеттик нотариустардын кызмат көрсөтүүлөрү.

5. Соода чөйрөсү:

интернет дүкөндөр (электрондук коммерция), товарларды жеткирүү, анын ичинде курьердик кызматты кошо;

курулуш материалдарын дүңүнөн сатуу жана жеткирүү, дүкөндөрдү (дүң соода түйүндөрү/кампалар/курулуш материалдарын жеткирүүчүлөрдү) кошпогондо;

кездемелерди жана фурнитураларды дүңүнөн сатуу жана жеткирүү, дүкөндөрдү (дүң соода түйүндөрү/кампалар/курулуш материалдарын жеткирүүчүлөрдү) кошпогондо;

автотетиктер, велотетиктер, комплекттөөчүлөр, май жана автосырдоо дүкөндөрү.

6. Чач тарачтар жана салондордун кызмат көрсөтүүлөрү.

7. Такси кызматы (2ден ашык адам салбаганда).

Белгилей кетсек, Бишкекте велосипеддерди сатуу жана ижарага берүү ишмердүүлүгүнө да уруксат берилген. Ошондой эле бак-дарак, өсүмдүктөрдүн көчөттөрүн саткан базарлар иштей баштайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости