www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ислам дүйнөсүндөгү эң ыйык храм болгон Каабада мусулмандар социалдык аралыкты сактап намаз окуй башташты. Аль-Харам мечитинен таратылган интернеттеги видеолор чындыкка дал келет деди NazarNews маалымат агенттигине жеринен устаз Альмамдух Бару Альтүркистани билдирди.

--Ислам дүйнөсүндөгү эки ири храм - Меккедеги Масжид аль-Харам жана Сауд Аравиядагы Масжид аль-Набавия коронавирус илдетине байланыштуу 20-марттан бери жабык. Баарыңыздарга белгилүү болгондой, кийинчерээк Рамазан айында эки чоң мечит дүйнө жүзүндөгү мусулмандарга коронавирус илдетине байланыштуу эшиктерин ача албай турганы кабарланган. Бирок, Аль-Харам мечитиндеги намаздар толугу менен токтоп калган эмес. Тактап айтканда, Аль-Харам мечитинде чектелген сандагы адамдарга намаз окууга уруксат берилген, - деди Альмамдух Бару Альтүркистани.

Эске сала кетсек, учурда Сауд Аравиясында коронавирустун жайылышына жол бербөө үчүн көптөгөн чектөөлөр киргизилген. Аларга коомдук аралыкты сактоо, коменданттык саат жана чоң иш-чараларды өткөрбөө кирет. Ал эми коронавирус пандемиясынын себебинен Сауд Аравиясында 2020-жылкы ажылык зыяратын жокко чыгарууга мажбур кылган. Ошондой эле дүйнөлүк маалымат булактары Сауд Арабия акыркы 40 жылдын ичинде биринчи жолу мусулмандарга Меккенин Каабасын жапкандыгын жазып чыккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости