www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

№17 Үй-бүлөлүк медициналык борбордун (ҮМБ) башкы дарыгери Гүлнара Ташибекова Республикалык штабдан жана Саламаттыкты сактоо министрлигинен чындыкты айтып, дарыгерлерди кемсинтпөөнү өтүндү.

Белгилей кетсек, бүгүн брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев № 17 медициналык борбордун дарыгерлери обсервацияга алынуу үчүн көчөдө 17 сааттан ашык күтүшкөндүгү боюнча түшүндүрмө берген.

Анын айтымында, көйгөй мейманкананын акысын төлөө маселеси создуктурулуп калгандыгына байланыштуу келип чыккан. Анткени ҮМБ кызматкерлери жакшыраак шарттарды каалашкан. Ошондуктан, чиновник айткандай, өзүнчө мейманканага жаткыруу маселесин чечүүгө туура келген.

Кийинчерээк COVID-19 боюнча Республикалык штаб № 17 ҮМБнын төрт медициналык кызматкерлеринен илдет тастыкталгандан кийин борборду дезинфекциялоо иштери  жүргүзүлүп, анализдер алынып, аларды обсервацияга алуу маселесинин чечилип, бардык чараларды көрүлгөнүн маалымдаган.

Башкы штабдын билдиришинче, аталган оорукананын 22 медициналык кызматкерлери “Ак-Кеме” мейманканасына карантинге жатуудан баш тартышып, аларды шарты жакшыраак “Garden” мейманканасына жаткырууну талап кылышкан.

“Бишкек мэриясынын жана Саламаттыкты сактоо министрлиги бул маселени чечип, 19:30 га чейин баары “Garden” мейманканасына жайгаштырылды”,-деп айтылат штабдын тараткан маалыматында.

Бирок жергиликтүү ЖМКлардын биринин айтымында №17 ҮМБнын башкы дарыгери Гүлнара Ташибекова министрликтин маалыматын кескин четке каккан.

“Бул калп. Биз шарттарды жакшыртуу боюнча эч кандай талап койгон жокпуз жана бир дагы мейманканадан баш тарткан жокпуз. Эң башында эле бизге Garden мейманканасына обсервацияга бараарыбыз айтылган”,-деп билдирген Ташибекова.

“Бирок унаа берилген жок. Дарыгерлер көчөдө 17 саат бою турушту. Мейманканага өзүбүз жетип бардык. “Ак-Кеме” мейманканасы жөнүндө сөз болгон да эмес.

Жолдо баратканыбызда №1 ҮМБнын директору мага кандайдыр бир конок короосунун же конок үйүнүн сүрөттөрүн жиберди, бирок мен мындан ары эч нерсе уккум келбейт Gardenге бара жатабыз дедим. Себеби күтүүгө чамабыз да келбей калган, ансыз деле көчөдө узак убакытка туруп калганбыз.

Биз үчүн обочолонгонубуз маанилүү болчу. Кечээ күнү обсервацияга келгенибизде, бизден анализ алынган жок. Бүгүн гана Ленин районунан мобилдик топ келди. Башка эч нерсе болгон жок. Кечээ кечки саат 17:00дө борбордук медициналык борбордун имаратына дезинфекциялоо жүргүзүлдү.

Ал эми 16сы түнү мен оорукананы жапканга мажбур болдум. Анткени бизде төрт адам жуктургандыктан, очок бар. Адамдар билгенден кийин дүрбөлөңгө түшө башташты. Дарыгерлер үйлөрүнөн качып чыгышты, андан кийин биз дагы 17 саат күттүк. Эми дарыгерлерден үйлөрүнө барышканын, канча убакыт болушканын сурак кылып жатышат. Бул кандай акылсыздык?

Ушул тапта биздин төрт дарыгерибизге илдет кантип жукканын билишибиз керек. Адамдар сынып, сүйлөшкүсү келбей калды. Кечинде саат бештер чамасында Бириккен үй-бүлөлүк медициналык борбордун директору бизди Gardenге алып бара турганыбызды айтты. Акыры, биз ал жакка өзүбүз бардык. Биз дагы бир күн көчөдө тура алган жокпуз”,-деп Гүлнара Ташибекова ар кандай жалган маалыматтарды расмий түрдө четке кагарын кошумчалаган.

“Чындыкты айтууга чакырам. Унааны 17 саат күттүк, бирок аны бизге эч ким берген жок жана эч ким биз менен байланышкан жок”,-дейт башкы дарыгер Гүлнара Ташибекова.

Эске сала кетсек, дарылоочу мекеме ал жерде иштеген кызматкерлердин төртөөсүнөн илдет аныкталгандыктан дезинфекциялоо иштерин жүргүзүү үчүн жабылган. Андан кийин 17 саат күтүшкөн медкызматкерлер обсервацияга жатуу үчүн мейманканага өздөрү барышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости