www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Тойлорду токтотуп, чек араны бекемдейли!", - деп тээ "Асабадан" бери айтып жүрүп, тагдыр экен парламентте да какшап келебиз. Бирок, өкмөт эч тоготподу. Тойдон бошой элекпиз. Бекер машина, бензин, сансыз жардамчылары менен тойдо эле беттери майланышып жүрүшөт.

Көчмөндөр деп жыргабадык, чек арабызды жырып кирип келишсе, өзүбүз көчүп кетпесек болду, тентип...

Кыргыз адабиятын көмүүгө ким кызыкдар? Алты күн кейиш, бир күн бейиш. Кокту колотко толгон эстелик же ыксыз тойлор. 

2016-жылдын 29-ноябрь айы. Анда КР Премьер-министри Жээнбеков Сооронбай Шарипович болчу. 

Жылдыз Мусабекова: -- Сооронбай Шарипович, сиз жана "жаңы мектептердин курулушун баштабайбыз. Авариялык абалдагыларды гана комиссия менен дыкат карап чечим чыгарабыз",-деп жакшы айттыңыз, бул мага абдан жакты. Өзүңүз билесиз, өткөндө барып, көрүп келдиңиз.

Ат–Башы районунун Бирлик айылында Мурзакматов мектеби бар. Эски мектеп болгондуктан, кулаганы калды. Эптеп тирөөчтөр менен тирелип, араң эле турат. Ал мектептин курулушу 2013–жылы башталган. Бирок, дагы деле бүтпөй келет. Ошол сыяктуу эле, Ат-Башы районунун Большевик айылында авариялык абалда Табалдиев атында орто мектеби бар. Мурун мал сарай болгон...

2017–жылы бюджет каралганда, ушул эки мектепти абдан көзөмөлүңүзгө алып, карап койсоңуздар жакшы болот эле. Себеби, Ат–Башыда 9 ай бою кыш болот. Алты күн кейиште, бир күн бейиште куурап жашап аткандар үчүн мектеп кулап калса, аларга өтө кыйын. Ат-Башыда сууктун катуулугунан башка жактардагыдай чатыр тигип окуганга да болбойт. Андай мүмкүнчүлүк жок. Кычыраган узак кышка чыдап жашап аткан элди карап койсоңуздар.

Экинчи маселе, мен тойлорго мораторий кылуу боюнча, эки ай мурда комитетте бюджет каралып жатканда  Адылбек Алешовичке сунуш кылдым эле. Себеби, биз 25 жыл бою эле той өткөргөнгө маш болдук. Кереги бардыкын, жоктукун деле. Эми быйыл баягы маданият жылы деп тойлор көп болду. Ошентип “күндүзү кымыз, түнү кыз, күжүлдөгөн эр кыргыз” болуп, тойлорго маарып  жатып калдык. 2-3 жыл тойлорго мораторий кылып, баланчанын 100 жылдыгы, түкүнчөнүн 200 жылдыгы, 125 жылдыгы дегенди токтотпойлубу...

Андан көрө альтернатива кылып, залкар инсандарыбызды ардактап, окуу жайлардабы, мектептердеби атайы окууларды өткөрүп, теле, радио, гезит аркалуу даңктасак кантет?  Болбосо кайсы жака барсаң эле "той өткөргөнү жатабыз" деп аким, губернатордун баары боз үй,  жылкы, тай ж.б ушул нерсе менен алек болуп калды. Бир оптимизацияга дагы барсак жакшы болот элек.

Айтсаңыз, Сооронбай Шарипович, быйыл Өкмөттүн буйругу менен кандай тойлор бар? Кимдин тою бар? Кимдикин тойлойбуз? Азыр көрүңүзчү, кокту колоттун баары эле ат минген баатырларга толуп кетти. Эгер бул темп менен кете берсек "бул көчөнүн баатыры болчу" деп баарына эстелик коебуз. Тойлорду токтотуп, аларга кеткен акчаны иштиктүү жумшасак кантет?

Сооронбай Жээнбеков: -- Азыр мектептер боюнча карап берели, көргөнбүз. Биз көргөн мектептин курулушу аяктап калган, аны бүтүрөбүз. Берки мектепти дагы көрөлү, "аварийный" болсо карап чыгалы. Тойлор боюнча, мен дагы сиздин пикириңизге кошуламын. Бизге ал тууралуу сунуштар түшө элек, түшсө карайбыз. Бирок, кошуламын биз дагы башка маданиятка өтүшүбүз керек да. Ошол аты чыккан адамдардын атын чыгарыш үчүн, той десе эле жылкы союп, улак чаппай, китеп жазып, бир жерге чогулуп, жыйындарды өткөзүп аны эстегенди үйрөнүш керек. А бизде той десе эле, боз үй тигип, ат чаап жатпайбызбы? Азайтып ошол туура эмес кеткен чыгымдарды туура жакка жумшаш керек. Кошуламын. Ал боюнча сиз дагы сунушуңузду бериңиз, биз колдоп берели. Анан жеке тойлор болсо, Өкмөттү эми муну "жанагындай кылба" деп биз токтото албайбыз. Конституция боюнча ар бир адамдын укугу бар, билесиз. 

Жылдыз Мусабекова: -- Билим берүү министрине суроом бар. Сооронбай Шарипович, сиз да көңүл бурсаңыз. Жакындан бери ызы-чуу болуп жатат. “Дүйнөлүк адабият жана кыргыз адабияты” деп бириктирилип, мектептерде кыргыз адабиятын окутуу сааты кыскартылып кетиптир.  Биз кыргыз адабиятын эптеп окуй албай жатып, дүйнөлүк адабиятты эмне кылабыз? Ошол кыргыз адабиятын  мектептерде жоюу зарылчылыгы эмнеден келип чыкты? Балдарыбыз өзүбүздүн Айтматовду билбей атса, өзгөнүн Драйзеринин кимге кереги бар? Кыргыз адабиятына кимдер кыянаттык кылып атат? 

Гулмира Кудайбердиева, билим берүү министри: --  Кыргыз адабияты жөнүндө андай сунуш жайында болгон, эксперттик топ түзүлүп министрликте ошондой сунуш киргизилген. Бирок, бүгүнкү күндө, ошол эле көлөмүндө мектепте кыргыз адабият берилип жатат, кыскартылбайт. Базистик окуу план боюнча, азыр биз өзүнчө жумушчу топ түздүк, комплекстүү карап анан кийин жумуштарды берет. Кыргыз адабияты боюнча азыр андай маселе жок. 

Сооронбай Жээнбеков: --  Жылдыз Аманбековна, мен бул маселени биринчи жолу уктум. Өтө олуттуу маселе, муну дыкаттык менен карайлы. Сунуш кылышкан адамдар болгон дейт. Бул эми сунуш эмес, чектен чыккандык. Кыргыз адабиятына эч ким ага тийише албайт, бул калат ошол боюнча, көтөргөн маселеңиз абдан туура.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости