Бүнямин Токер: "Ооганстандагы кыргыздар Тажикстанга кире качкандары менен катышпай жатышат"
Коом  |   |  1968

"Ооган кыргыздары" бирикмесинин жетекчиси Бүнямин Токерден боордоштор эл аралык укукту билбегендиктен, ушундай абалга кептелгенин, учурда Памирге кайтып барып, өз тиричилигин кылып жатышканын кабарлады.

--"Учурда памирлик кыргыздардын арасында "кеткендер-кетпегендер" деген бөлүнүү пайда болду. Айылда калгандар Тажикстага кире качып, кайра кайткандарга "силер качкынсыңар" деп катышпай жатышыптыр. 40 жыл бүтпөгөн согуш памирлик кыргыздарды бөлүп-жарып отуруп, азыр теңи Түркияда, теңи Кытайда, калганы Ооганстанда күн көрүүдө.

Эми айылдыктар да өз ара бөлүнүп, таарыныч болуп жатыптыр. Болбосо жашоо-турмуш Памирде өз нугуна кирип, соодагерлер келип, мал-жан саткандар болуп жатыптыр", - деди Токер.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями