www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жайыл райондук милиция бөлүмүндө бычакталып өлтүрүлгөн Бурулай Турдали кызынын өлүмүнө шектүү катары кармалган Б.Марсбек учурда Бишкек шаарындагы СИЗО-1 мекемесинде камакта.

Шектүүнүн бир тууган агасы тергөө иштери бүдөмүк жүрүп жатканын, окуя болгон күнү Марстын жанындагы 34 миң сом акчасы жоголгонун аймактык кабарчыга айтып берди.

«Биз тергөөнүн ишине нааразыбыз. Ачык-айкын жана адилеттүү иликтенбей жатат. Бизге эч кандай далилдерди көрсөтмөк турсун иним менен жолуктуруп, сүйлөштүрбөй жатышат. Тергөө аяктап калды дешкени менен анын да жыйынтыктары менен тааныштырышкан жок. Жактоочубуз иниме жолугуп турат. Ал жолукканда иним "менин портмонем, ичиндеги паспортум жана 34 миң сом акча жок" деп айтыптыр. Ал булар Жайыл РИИБден жоголгон деп эсептейт. Анын жанында техникалык паспорт жана айдоочулук күбөлүгү гана болгон. Бул жерде күмөндүү нерселер бар. Марс ооруканада жатканда керек болсо апамды да жолуктурбай коюшту. Ал эми жактоочубуз кирип чыккан сайын сурасак, "ден соолугум жакшы болуп калды, бирок эч нерсени билбей жатам" дептир. Жактоочудан коркутуулар болбоптурбу деп сурасам, иним ал жөнүндө эч нерсе айтпаптыр. Адам өзүнө кантип алты жолу кантип бычак саят? Моюнунда да бычактын изи бар дешти. Аны кошсок анда өзүнө алты жолу бычак сайган болот. Курсагына төрт жолу, төшүнө бир жолу сайган. Бизге өзүнө сайылган бычак боюнча да экспертизанын жыйынтыгын беришкен жок» - деди ал.

Ал ошондой эле Бурулайдын туугандарынын алдына бир эмес үч жолу барышканын, бирок үч жолу тең кубалап жиберишкенин айтты.

«Бурулайдын жакындары "биздин алдыбызга кечирим сурап келишкен жок" деп жатышат. Бул чындыкка дал келбейт. Биз алардын алдына 3 жолу бардык. Биринчи киргенде 60тан ашкан апам таяк жеп чыкты. Ошондо өзүмдүн туугандарымдан 10 адам, чогуу иштешкендер, достор болуп 30дай киши барганбыз. Экинчи жолу сөөктү жерге берер күнү дагы туугандарды жиберсем, сырттан эле алардын туугандары кубалап жиберишиптир. Биз алардын абалын түшүнүп, кийинчерээк барууну чечтик. Бурулайдын атасынын жакшы досу бар. Ошол киши менен сүйлөшүп, аны ортого салып, бир койду союп, дасторкон даярдап бардым. Үчүнчү жолу да дарбазадан киргизбей коюшту. Мен ошондо досуна кайрылып, бул мал Бурулайга куран окутуу үчүн союлганын айтып, анын үйүнө өзүңүз эле киргизип бериңиз, атайын арналып союлган эле, куран окутуп коюшсун деп, кете бердим», - деди ал.

Шектүүнүн агасы Бурулайдын үй-бүлөсүнүн жактоочусу кеңсесине чакырганын белгилеп: «Барсам ал "силер эмнеге алдынан өтпөй жатасыңар" деп айтты. Биз бир эмес үч жолу алдына бардык. Мен качпайм, дагы барам, дагы деле алардан кечирим сурайм. Бирок апам ооруканадан чыксын (ошол убакта апам ооруканада болчу). Апамдын чекесине чертилбейт деп кепилдик менен киргизип, баарын уюштуруп берсеңиз баралы десем, ал макул болгон жок», - деди.

Ал Бурулай менен шектүүнүн кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөндүгүн далилдеген сүрөттү көрсөттү.

«Атамдар банктан насыя алган эле. Ошону Марс иштеп төлөп турчу. Анан бошобой калганда Бурулайга акчаны берип, ал банкка барып төгүп койчу. Сүрөттөгү дүмүрчөк далил болуп турат. Бул экөөнүн кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөнүнүн белгиси. Экөө сүйлөшпөсө, кайсы кыз бирөөнүн акчасын алып банкка төгөт?» - деди ал.

Буга чейин шектүүнүн агасы инисинин мындай кадамга баруусуна ишенбей турганын билдирген болчу.

«Бизди иниме жолуктурбай жатышат. Жактоочубуз гана кирип-чыгып, жакшы болуп келе жатат деп айтууда. Жактоочубузга иним эч нерсе билбейм деп айтыптыр. Өз оозунан эч нерсе уга элекпиз. Биз да чындыкты билгибиз келет. Кээ бир маалымат каражаттары бир тараптуу берип, бизди элдин баарына жек көрүндү кылып жатканына аябай нааразыбыз. Ал жерде кандай окуя болгонун эч ким билбей жатпайбы. Чындыгына жетип-жетпей эле, божомолдоп жаза берүүнүн кимге кереги бар? Мен инимдин мындай ишке барганына ишенбейм. Ал аябай адептүү, бир мүнөз, токтоо бала. Бир туугандарынын сөзүн эч убакта укпай койчу эмес. Аттиң ай, Бурулай да абдан жакшы кыз эле. Биз ал экөөнүн 3 жылдан бери кыз-жигит болуп сүйлөшүп келе жатышканын билчүбүз. Элдин баары эле билчү.

Ата-энебиз да 60 жаштан ашып калышты. Алардын да абалы оор. Бул окуя бизге да аябай катуу тийди. Ушул суук кабарга чейин кызды биринчи жолу Таласка ала качканда, мен өзүм ачуу басарга баргам элем. Атасы "Кызымды алып келгиле. Ала качты дедирбей, 2 айдан кийин сөйкө салып, колдон алып кеткиле" деп айткан. Мен дароо иниме чалып, "Биз сүйлөштүк, кызды алып кел. Эки айдан кийин колдон алып кетебиз" деп айткам. Иним менин сөзүмдү эки кылган жок, Таласка үйгө жетейин деп калганда кайра түнү менен кызды алып келген. Кийин ата-энем барып, кыздын колун сураса, ата-энеси бербей коюшуптур. Бир ай өтпөй эле башка бирөө келип, кызга сөйкө салыптыр.

Мурда атасы менен бир маршруттук каттамда иштегенбиз, кийин ал башка каттамга которулуп кеткен. Жакшы тааныштарданбыз. Аларды түшүнүп жатабыз. Муну сөз менен жеткирүү кыйын. Эмне кыларыбызды билбей калдык. Маркум Бурулайдын жакындарынан, ата-энесинен кечирим сурайбыз», - деген ал.

Бишкек шаарынан ала качып чыккан жигиттин колунан бычакталып каза болгон 20 жаштагы кыз 29-майда жерге берилген эле.

60 жаштагы атасы Турдалы Кожоналиевдин айтымында, кызын ушул жылдын 25-августунда турмушка узатып, тоюн өткөрмөк. Бирок ага жеткирбей, 27-майда кызын 30 жаштагы жигит ала качып, андан соң милиция бөлүмүндө бычактап салган.

Милиция кызматкерлеринин маалыматына караганда, 27-майда саат 22:00 чамасында Биринчи май РИИБге 20 жаштагы кызды үй-бүлө куруу максатында ала качып кетишкени тууралуу билдирүү түшкөн. Бул факты боюнча Чүй облусундагы жана Бишкек шаарындагы милиция кызматкерлерине тапшырма берилген. Андан көп узабай Сосновка айылындагы посттон Чүй ОИИБдин кызматкерлери тарабынан 29 жаштагы Б.М. башкарып бара жаткан «Субару-Аутбэк» үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, айдоочусу жана анын ичиндеги жүргүнчүлөр — 30 жаштагы С.А. (эркек киши) жана 20 жаштагы Т.Б. Жайыл РИИБге жеткирилген. РИИБдин кызматкерлери керектүү кагаздарды толтуруп жатканда 20 жаштагы кыз жарандарды кабыл алуу бөлүмүндө отурган. Бир аз убакыттан кийин ал бөлмөгө Б.М. (кызды ала качып бара жаткан киши) кирип, ичинен бекитип алган. Ал бөлмөдө уруш-талаштын дабышы угулуп, эшикти талкалап кирген милиция кызматкерлери кызды канга боёлгон абалда табышкан. Ал эми ага кол салган киши өзүнө кошо бычак сайып, алар дароо оорукана жеткирилген. Бирок Жалал-Абад облусунда төрөлүп, Бишкек шаарында жашап жаткан 20 жаштагы кыз оор жаракаттын кесепетинен жандандыруу бөлүмүндө көз жумган. Ал эми 29 жаштагы жигит Талас облусунун тургуну болгон.

Ал кийинчерээк абакка киргизилип, өз көрсөтмөсүн берип баштаган. Ошондой эле Жайыл РИИБдин имаратында жасалган адам өлтүрүү фактысына байланыштуу тергөө иштери жана милиция кызматкерлерге карата жүргүзүлгөн кызматтык териштирүү иши Ички иштер министри Кашкара Жунушалиевдин өз көзөмөлүнө алган болчу.

Булак: "Турмуш"

Последние новости