www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Балыкчы шарындагы жол жээгиндеги дарактардын кыйылып жатышына нааразы болгон жарандык коом өкүлдөрү фейсбукта талкуу кылып жатышкан. Динара Ошурахунова “КСДПнын бардык мэрлери дарак кыйгычтарбы? Балыкчынын мэри Алмаз Мамбетов Балыкчыда таштак жерде араң өстүрүп жаткан дарактардын баарын жер бетинен жок кылууга киришти. “Кыргызстандын 40 жылдыгы” атындагы көчө кеңейтилүүдө. Окуучулар ишембиликте карап жүрүшкөн дарактардын эсебинен. Шаардын администрациясынын алдындагы көп жылдан бери өсүп турган килейген арчаларды 2 млн сом коротуп алып кетип, ар башка жерлерге отургузушкан. Алардын жарымы куурап калышты. Былтыр Чолпон-Атага бараткан башкы көчөдөгү бардык дарактарды кыйып салган болчу”. Динара Ошурахунова Балыкчы шаарына тиешелүү мындан башка да бир катар көйгөйлөрдү айтып өткөн.
Анын постуна комментарий жазган Балыкчы шаарынын мэри Алмаз Мамбетов “Псина лает, караван идет” деп жооп берген. Ошурахунованын “Бул мэрдин жообубу?” деген суроосуна “ошентип эсептеңиз” деген. Анын мындай жоругу социалдык түйүндүн колдонуучуларын таң калтырып, ар кандай талкууга жем таштаган. Кызыгы, мэр алардын көпчүлүгү менен айтышын уланта берген.
Алмаз Мамбетовдун былтыр да экс-мэр Бактыбек Шамшудинов менен телефондогу айтышуусу коомчулукка чыгып кеткен болчу. Анда да А.Мамбетов орой сөздөрдү, сөгүнүүлөрдү жана коркутууларды колдонуп, “ээн-эркин” баарлашкан эле. Бул сүйлөшүүлөр коомчулукта чоң резонансты жаратып, мэрдин жүрүм-туруму облустук өкүлчүлүктүн этика комиссиясында каралган.
Булак: NazarNews.kg