www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө киши колдуу болгон Бурулай Турдаалы кызынын сөөгүн эксгумациялоо анын атасынын кайрылуусу жана уруксаты менен жүргүзүлөт. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Назира Имангазиева "Азаттыкка" билдирди:

- Экспертизанын корутундусунда кыздын көкүрөгүндө жазуу табылган эмес. Маркумдун көкүрөгүндөгү тактар оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жүрөктү иштетүүчү аппаратты (дефибриллятор) үч-төрт жолу баскандан улам калганы көрсөтүлгөн. Экспертизанын жыйынтыгы Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Соттук-медициналык экспертиза борбору тарабынан чыгарылган жана ал ИИМге баш ийбейт. Эгер ата-энеси кыздын сөөгүн эксгумация кылууну өтүнүп кайрылса, ал кайра эле анын уруксаты менен мыйзам чегинде жүргүзүлөт.

Буга чейин Бурулай Турдаалы кызынын ата-энеси анын сөөгүн эксгумациялоону талап кылган, мындай кадамды экспертизанын жыйынтыгына макул болбогону менен түшүндүргөн.

Маркумдун ата-энеси, жакындары менен милициянын ортосундагы ача пикир кыздын денесинде "жазуу болгон" деген маалымат менен байланыштуу.

Быйыл 27-майда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө Медициналык коллеждин 20 жаштагы студенти Бурулай Турдаалы кызы бычакталып өлтүрүлгөн. Чүй облустук ички иштер башкармалыгы аны ала качып бараткан жигит кармалгандан кийин милиция бөлүмүндө кызды бычактап, өзүнө да кол салганын билдирген.

Окуядан кийин маркумдун жакындары анын көкүрөгүндө "Н+Б" деген жазуу жана крест болгонун жарыялап, милиция бул айтылганды четке каккан. Кыздын өлүмүнө шектүү Марс Бөдөшев 20-июнда соттун чечими менен эки айга камалды - деп билдирди Азаттык.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости