www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда жаштардын таза катмарынан түзүлгөн, “Бирик” партиясы түзүлдү. Ар мезгилдин ар башка каармандары болот. Алар, ошол доорду оордунан козгойт. Дың жерге соко жүргөндөй жерди оодарып дан эгет. Эмгегин элине арнайт. Үзүрүн келечектен көрөт. Кечээкиге кайрылбайт. Артын карабайт, алдын карайт. Бүгүнкүнү эртеңкиге калтырбайт. Кылчактабайт! Токтобойт! Жаңылык менен өзгөрүүнү жаратат. Калың элдин катмарын түшүнүп, кайгысы менен кубанычын көрөт. Турмушун сезет, Туусун көтөрөт. Калкына калка болот. Өнүктүрүүнүн өзгөчө жолун табат. Өлкөнү өбөктөтпөй өстүрүүгө өбөлгө түзөт. Алардын тили ачуу, дубүртү катуу болот. Анткени, чындыкты туу тутушат! Жалганды жек көрүп, ушакты укпай, жалкоону жактырышпайт. Элдин жону менен баспай жолу менен басат. Ырысын жебей, кол сунат. Ыркын кетирбей, ынтымак алып келет. Бириктирет!

Алар, ЖАҢЫ ЫСЫМДАР... Жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачышат! Кыргыз мамлекетинин мындан аркы өсүшү үчүн опол тоодой эмгек жасашат. Эгемен элдин эртеңине кам көрөт. Аң сезимди өзгөртүп, кулк -мүнөздү оңдоп, руханий жетилүүгө жетелейт. Көчөгө эмес, акыл-эске төңкөрүш жасайт! Жаңы жолго - жаңы максаттар менен аттанышат. Үмүттүн шооласын чоңойтуп, жарык жандырат!

2018-жыл өлкөнү өргө тарта турган, келечекте улуу кыргыз мамлекетинин өсүшүнө өбөлгө болуучу, улуттарды, урууларды, диндерди ынтымакка бириктирип улуу кыргыз элинин салттуу көрөнгөсүн колдонуп, дүйнөдөгү өнүккөн өлкөнү курууга чыйыр салган жыл болсун! Уул - кыздар, жалпы адамзаттын калыптанышына өрнөк инсандардан болуп, калкыбыздын санжырасы аалам айланып даңазалансын! – дейт «БИРИК» саясий партиясынын түптөөчүлөрү.

Аталган партиянын мүчөсү, белгилүү акын, журналист Мирлан Самыйкожо өзүнүн пикирин төмөнкүчө билдирди.

"Бирик" саясий партиясына келип чогулган жаштар мага өтө чоң дем берди. Ар бири ар башка айыл, район, областардан келсе дагы баарынын ойлору бирдей чыгып жатты. Алардын көзүнөн чок жанып, күйүп турганын көрдүм. Көздөгөнү биримдик, көксөгөнү акыйкат экени даана. Жети дубандан келген жаштар өз кичи мекениндеги жашоо-турмуши дүйнөлүк салыштырууларды мисалдап талкуу жүргүзүп жаткандарын угуп олтуруп көкүрөгүм толуп, сөөгүм агарды.

Бирок, ал ардын максаттарында бир гана жвтишпеген нерсе бар экен. Ал биримдик экенин сездим. Көрсө  лар биригиш үчүн чогулушуптур. Мындай кырдаалды кырдан карап турууга такыр мүмкүн эмес. Мен дагы мамлекеттин өсүшү учун кызмат кылышым керек болчу. Чыгармачылмын, саясаттан алыс болоюн, калыс болоюн деп өзүмдү гана сактап жүрүү мага жат көрүнүштөй туюлду. Андыктан өзүм теңдүү үзөңгүлөштөрүмдүн мындай демилгесин колдоп "Бирик" саясий партиясына чын ниетим менен кошулдум. Махатма Гандинин "Ар кандай түрдөгү талант, милдетти билдирет жана коомдун жыргалчьшыгы  үчүн коядонулууга тийнш. Эгерде биз коом үчүн жашасак гана толук өмүр сүрүп жашаган болобуз." - деген сөзү да чындык эле. Коом менен чогу  жашап жатып коомдон бөлүнүп өзгөчөлөнүү улүтка болгон чыккынчылык деп түшүндүм. Биздии максаттарыбыз жана каалолорубуз бирикти. Эми биз, мамлекетибизге чындап кызмат кылууга кириштик. Өлкө келечегин моюнубузга алдык. Адал ниетибиз менен калк түйшүгүн көтерүүгө белсендик. Бул жан гана көбүрүп-жабырган кыйкырык сөзэмес. Бул чындык! Аны мезгил көрсөтөт. Биз силерге барабыз. Силер бизди күткүлө!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости