www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Кыргыз Жолу" коомунун жетекчиси Кадыр Кошалиев NazarNews.kg маалымат агенттигине билдиргендей Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы коюлган байгелер толук берилбей жатат.

- "Той болот, тойдун эртеси болот"- дегендей Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюну ийгиликтүү аяктаганы жакшы болду. Эл да тике туруп намыска жарады. Бирок, да мамлекеттик деңгээлде 6-сентябрь күнү Кырчында жыйынтыкталганда белгиленген сыйлыктарды түшүнүксүз себептер менен кыскартуулар болгондугу дайын болду.

Мисалы: каада-салт номинациясы боюнча "Кыргыз жолу" коому 3-орунду ээлеп, 70 миң сом сыйлык ыйгарылгандыгы жөнүндө, Сертификат колубузда тургандыгына карабастан калыстар тобунун жаңы Протоколунун негизинде 40 миң сом каралыптыр. Ал эми боз үйдүн жасалгаланышы боюнча ыйгарылган 30 миң сом негедир 10 миң сомго чейин кыскартылыптыр.

Бир эле биз эмес сынакка катышкан 7 облус, 2 шаар анан 4 коомдук уюмдарына ("Кыргыз жолу", "Ала Тоо айымдары", "Кийиз дүйнө", "Сары Өзөн коомдору) ыйгарылган сыйлыктар ушундай эле кыскартууларга дуушар болгон. 

Ал эми Өкмөт тарабынан ар бир катышкан 13 тараптын баарына жигердүү катышкандыктары үчүн берилмек болгон 150 миң сом өлчөмүндөгү сыйлыктын маселеси али чечиле электигин Маданият министрлигинин өкүлдөрү кабарлашты.

Ушундан улам ойго келесиң, кепке туруу эки адамдын ортосунда мындай турсун мамлекеттин масштабында да сакталбай калган мезгилде жашап калганбыз го. Дүйнөлүк тажрыйбада сыйлыктар токтоосуз, убагында так берилет. Бизде кечиктиргени аз келгенсип, жарыяланган сумма менен берилген сумманын ортосунда олчойгон айырманын болуп жатышы мамлекетке аброй алып келбейт!- дейт Кадыр Кошалиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости