www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Евгения Строкова менен Билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева бири-бирин “жагалданма” деп сыпатташты.

Парламенттин жыйынында Евгения Строкова билим берүү министрлигин жалган реформалар менен алектенип жатканы үчүн сындап, “министр болуу үчүн жагалдануу жетишсиз” деп айтты. Ал мектептердеги окуу сааттарын кайра бөлүштүрүүнү сындады. Строкованын пикиринде, мунун кесепетинен кыскартылган мугалимдердин сааттары башкаларга кошулуп калды. «Бул педагогдор мектепте 6 саат катары менен өтүшү керек дегенди түшүндүрөт. Министр өзү 6 саат катары менен өтүп көрдү беле?», - деп суроо узатты депутат.

Билим берүү министрлиги да бул суроону жоопсуз калтырган жок. “Элдин алдында системаны түшүнбөстүгүн көрсөтүп жагалданбай, реформанын маңызына назар салуу керек. Биз сааттарды натыйжалуу бөлүштүрүү жөнүндө айтканда Евгения Строкова түшүнгөндөй күнүмдүк окуу жүктөмү тууралуу эмес, билим берүү системасында кабыл алынгандай, жумалык окуу жүктөмү тууралуу сөз болуп жатат. Ошондуктан, сындаардан мурда депутат Строкова кабыл алынган чечимдердин маңызын түшүнүшү керек болчу”, - деп билдиришти мекемеде.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости