www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-премьер-министр Сапар Исаковдун мойнуна 20 млн доллар илинүүдө. “Дело №” гезитинин маалыматында, С.Исаковдун “коррупциялык аракеттеринин” айынан мамлекетке 20 млн доллар, же кыргыз сомуна которгондо 1 млрд 400 млн сом зыян келтирилген. Ал саясий кызмат абалынан кыянат пайдаланып Бишкек ТЭЦин модернизациялоо үчүн Кытайдын ТВЕА компаниясынын кызыкчылыгын жылдыруу менен алектенген деген айып менен камакка алынган.

Бишкек ТЭЦин модернизациялоо долбоору 2009-жылы да көтөрүлүп, Дүйнөлүк банктын адистери керектелүүчү сумманын көлөмүн 150 млн доллар деп баалап берген. Бул сумманы издеп Максим Бакиев Кытайга барып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келгени да кабарланган. Ал сумманын 100 миллионун Кытайдын ЭксимБанкы берип, калган 50 млн долларын кыргыз өкмөтү өз мойнуна алмак. Ал кезде да кайдан-жайдандыр ТВЕА компаниясы пайда болуп, ТЭЦти 200 млн долларга оңдоп берүүнү сунуштаган. Бирок, М.Бакиевдин командасы Дүйнөлүк банктын долбооруна артыкчылык бергени айтылат. ТВЕАдин долбоорун өтө кымбат жана технологиялык кемчиликтери көп деп табышкан.

Бирок, 2010-жылдагы төңкөрүштөн кийин президент Алмазбек Атамбаев Пекинге барып, белгисиз себептер менен ТЭЦтин долбооруна 386 млн доллар насыя сурап келген. Ишти ТВЕА компаниясы аткармак болгон, бирок ал мурда сунуштаган 200 млн доллар эмес – бул жолу “укмуштуунун төөсү жорго” болуп, сумма 386 млн долларга чейин өсүп кеткен. Буга кошумча, ал келишимде кыргыз өкмөтү ТВЕАден коротулган каражат боюнча каржылык отчет алууга укугу кескин чектелип калган.

Бул келишимге ошол кездеги президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүн жетектеген Сапар Исаковдун схемасы менен жетишилгени айтылат. Ал Ак үйдө иштеген мезгилинде Кытайга жалпысынан 48 жолу каттаганы расмий булактардан белгилүү болгон. УКМК бул эл аралык шылуундукта Сапар Исаковдун чечүүчү ролду ойногонун белгилейт. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары рангындагы тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп турганда чет элден каржылануучу экономикалык долбоорлор боюнча чечим кабыл алуучу борбор болуп алган. Ошону менен ал ТВЕА компаниясынын Кыргызстандагы кызыкчылыгын жылдырган башкы лоббист катары иштеген. Тергөөнүн маалыматында, Исаков бул кызматы үчүн кытайлардан белгилүү бир көлөмдө сый акы алып турган. ТВЕАдин сунуштаган суммасынын үстүнө дагы 186 млн доллардын кошулуп калышы кыргыз Ак үйүндөгү ири чиновниктердин пара алышканын айгинелейт. Ал эми ал парага кимдердин табакташ болгону жана ага Сапар Исаковдун түздөн-түз шефи болуп турган президент Алмазбек Атамбаевдин канчалык катышы бардыгы азырынча белгисиз.

Айтмакчы, Сапар Исаковду Орусиянын “Газпром” компаниясынын да кызыкчылыгын Кыргызстанда жылдырган башкы лоббисти катары сыпаттаган маалыматтар чыгууда. Мындай кызматы үчүн ал “Газпромнефть-Аэронун” Кыргызстандагы ишканасынын директорлор кеңешине мүчө болуп кирип, ири көлөмдө сый акы алып турганы айтылат. Айтса-айтпаса, Алмазбек Атамбаевдин президенттиги тушунда орустардын “Газпрому” Кыргызстандын башкы инвесторлорунун бирине айланып, өлкөдөгү бардык отун-энергетикалык комплексин жарыбаган суммага колуна алган. Жетекчиси Алексей Миллер Кыргызстанга келген сайын ага мамлекеттик деңгээлде сый-урмат көрсөтүлүп, сөзсүз президент Алмазбек Атамбаевдин кабыл алуусунда болуп кайтаар эле.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости