www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстан менен Түркмөнстанда Covid-19 инфекциясынын бир да учуру катталган эмес. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламатыкты сактоо уюмунун расмий өкүлү Галина Перфилова Тажикстанда “Тажикстан” телеканалынын эфиринде сүлөп жатып билдирди.

“Расмий статистикалык маалыматтарга ылайык, бүгүнкү күнгө чейин биз ПЦР тестин өткөрүп жаткан лаборатория менен тыгыз иштешкендиктен Тажикстанда Covid-19 инфекциясы боюнча бир дагы учур катталган эмес. Азыр бүткүл дүйнө Covid-19 менен күрөшүп жатат, жер жүзүндө коронавирус менен ооруган өлкөлөр дээрлик калбай калды. Тажикстан менен Түркмөнстан-булар негизинен Covid-19 инфекциясы катталбаган 53 мамлекеттин ичиндеги аймакта калган эки мамлекет”-деди.

Дүйнөлүк саламатыкты сактоо уюмунун расмий өкүлүнүн маалыматы боюнча, Тажикстанда коронавируска 700дөн ашуун изилдөө жүргүзүлгөн жана алардын баары таза чыккан.

Өлкөдө тест-системдин көпчүлүгүн Россия камсыздады. Ростпотребнадзор Тажикстанга 23 миң тест-систем берген. Дагы 1000ди Германия жөнөттү.

Ошондой эле булмаселе боюнча Кытай менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Тажикстанга башка өлкөлөрдөн келгендерге карантин жарыяланды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости