www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Еврокомиссиянын төрагасы Урсула фон дер Ляйен коронавирус пандемиясы учурунда жардам көрсөтүлбөгөндүгү үчүн Италиядан кечирим сурады. Бул тууралуу Лента.ру билдирди.

“Европа биргелешкен реакциянын зарылдыгына туш болгон кризистин башталышында, көптөгөн адамдар өздөрүнүн улуттук көйгөйлөрү жөнүндө гана ойлошконун моюнга алуу керек”,-деп басма сөз жыйында Урсула фон дер Ляйен сүйлөдү.

Ляйендин айтымында, Еврокомиссия Евробиримдикке кирген, коронавирустан көбүрөөк жабыркаган өлкөлөргө насыя берүүгө даяр.

“Биз 10 миллиард евро мобилизация кыла алабыз. Бул ЕБ  өлкөлөрүнүн 25 миллиард евро кепилдиктеринин аркасынан болушу мүмкүн”,-дейт ЕБнын төрагасы.

Анын айтымында, бул каражаттар ишканалардын кызматкерлерге эмгек акыларын төлөп берүүгө жардам берет.

Маалым болгондой, Италия дүйнө жүзүндө коронавирусту жуктургандардын саны боюнча экинчи орунда, ал эми каза болгондордун саны боюнча биринчи орунда турат. Учурда аталган өлкөдө 111 миңге жакын адам жуктуруп, 14 миңге жакын адам вирустан каза болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости