www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россияда акыркы 24 саат ичинде коронавирус 771 адамдан табылып, 6 адам көз жумду. Бул сан оору катталган алгачкы убактан берки эң чоң көрсөткүч.

Коронавирустун жайылышына каршы ыкчам штабдын маалыматы боюнча, илдетти жалпы 3548 киши жуктуруп, оорудан 30 адам каза болгон. Ал эми коронавирустан 45 адам айыгып чыккан.

Өлкөдө 76 аймактан COVID-19 аныкталып, 50дөй аймагында карантин жарыяланган.

Ошондой эле Россиянын президенти Владимир Путин коронавируска байланыштуу ишсиз күндөр режимин 30-апрелге чейин узартты. Бирок, айлык төлөнөрүн убадалап, эпидемиологиялык абал турукташса, ишсиз күндөрдү кыскартууну карап чыгарын да белгиледи.

Акыркы маалыматка таянсак, дүйнө жүзү боюнча коронавирус инфекциясын 928 миң  киши жуктуруп, илдеттен 46 500 адам көз жумган. COVID-19 оорусунан 190 миң бейтап айыгып кеткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости