www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы 4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоого 16-партия болуп катышат.

БШКнын башчысы Нуржан Шайлдабекова жыйында белгилегендей, Административдик сот «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын пайдасына чечим чыгарды жана жумушчу комиссия Жогорку Сотко кассациялык даттануу же арыз берүү маселесин талкуулашы керек. Бирок шайлоо процесси жигердүү фазада болгондуктан, БШК Жогорку сотко кайрылбайт.

Белгилей кетсек, кечээ, 9-сентябрда Бишкектин административдик сотунда БШКнын чечимине каршы “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын доо-арызы каралган. Сот партиянын дооматын колдоду жана БШКнын 3-сентябрдагы чечимин жокко чыгарды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости