www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Болгарияда алдамчылык ишине  шектелип жүргөн Данияр Ибраев аттуу кыргыз жаранын экстрадициялоо процесси башталды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБ маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка карганда, милицияга буга чейин бир нече курулуш компаниялары кайрылып, Данияр Ибраев курулуш арматураларын ташуу шылтоосу менен ири суммадагы акча каражат алып кеткенин айтышкан.

"Укук коргоо органдары тергөө иш-чараларын жүргүзүп, жыйынтыгында 1992-жылы туулган, "Строймир" ЖЧКсынын башкы директору Ибраев Данияр Саматбекович 2018-жылдын декабрь айынан 2019-жылга чейин курулуш арматураларын ташуу шылтоосу менен ишенимге кирип, жети адамдан ири суммадагы каражатты алдап алганы аныкталган. Материалдык чыгымдын жалпы суммасы 507 352 049 сомду түзөт", — деп айтылат билдирмеде.

Аталган окуя боюнча иш Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү ("Алдамчылык") боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
2019-жылдын 24-декабрь күнү Данияр Ибраев алдамчылык фактысын жасоого шектелип жаткандыгы жөнүндө кабарланып, ошол эле күнү ага карата Свердлов райондук соту тарабынан баш коргоо чарасы сыртынан каралып, камакка алуу чечими кабыл алынган.

2020-жылдын 28-февраль күнү Интерполдун билдирүүсүнө ылайык, Данияр Ибраев Болгариянын София шаарында кармалган. Азыркы тапта аны экстрадициялоо процесси башталды.

Социалдык тармактын колдонуучулары Данияр Ибраев Жогорку Кеңештин депутаты, парламенттин мурдагы аппарат жетекчиси Саматбек Ибраевдин уулу экенин айтышууда. Айрым адамдар социалдык тармактан Ибраев ири суммадагы акча алып, бербей жатканын жазган.

Бишкек ШИИБ "Ибраев Д.С. аттуу жарандын алдамчылык иштеринен жабыр тарткандар болсо Бишкек шаардык милициясынын Тергөө кызматына (дареги: Бишкек шаары, Токтогул көчөсү 64 а) кайрылуусун өтүнөбүз. Нөөмөт бөлүмүнүн номери 0312 43-71-68; Тергөө кызматы 0312 68-12-68 жана 0550 10-20-86", - деп билдирет шаардык милиция.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости