www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

7 миң киши жумуш менен камсыз болот. Ош шаарында текстиль фабрикасы курулууда. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Ишкер Нурбек Осмоновдун айтымында, фабрика кийим-кече, шым, трикотаж буюмдарды, ошондой эле кездемелерди чыгарат. Өндүрүштө Япония менен Германиянын шаймандары колдонулат.

"Курулушка 970 миллион сом жумшалган. Фабриканын негиздөөчүлөрү өндүрүшкө өздөрүнүн 19 миллион доллар каражатын да салышкан. Текстиль фабрикасы толук кандуу ишке киргенде 1000ден 7000ге чейин жаңы жумуш орундары түзүлөт. Фабрика жылына 16 миң тонна чийки затты талап кылат. Анын баарын жергиликтүү дыйкандардан сатып алуу пландалууда. Бул максатта Кара-Суу жана Ноокен райондорунда пахтаны кайра иштетүүчү завод куруу каралган",- деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости