www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын тарапкерлери бүгүн, 26-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) Бишкектеги кеңсесинин алдында өткөн митингде президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаровго кайрылышты. Алар парламенттик кайра шайлоону 20-декабрга белгилөөнү талап кылышты жана парламенттик шайлоонун мөөнөтүнүн жылышына каршы экенин билдиришти.

«120 депутат дагы алты айга мөөнөтүн узартып алышы мыйзамсыз. Булар мыйзамды одоно бузуп, тебеледи. Азыркы парламенттин мөөнөтү 28-октябрда бүтөт. 20-декабрда БШК бекиткен мыйзам менен кайрадан элдин элегинен өткөн депутаттар келиши керек. Элдин үмүтү ошол болчу. Эл ошону талап кылып чыккан. Сиз, Садыр Нургожоевич, мыйзам талабына кайтыңыз! Шайлоону 20-октябрга коюңуздар», - деди «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын тарапкери Турсуналы Шерматов.

Ал парламенттик кайра шайлоого катышууну көздөгөн саясий партияларды биригип, добуш берүүнүн өз убагында өтүшүн талап кылууга чакырды.

Бүгүн БШКнын алдында болгон митингге «Бүтүн Кыргызстандан» башка партиялардын өкүлдөрү да чыгып, Конституцияны өзгөртүүгө каршылыгын билдиришкен. Алар БШКнын парламенттик жана президенттик шайлоо боюнча чечимдери мыйзамдуу жана туура экенин айтышкан.

Өткөн аптада БШК парламенттик кайра шайлоону 20-декабрга дайындаган. Бишкектин Административдик соту Боршайкомдун бул чечимин жокко чыгарганы 24-октябрда белгилүү болгон. БШКга каршы сотко «Актив» партиясы жана «Адам укуктары жана демократия үчүн» коалиция кайрылган.

22-октябрда президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров президенттик да, парламенттик да шайлоону токтото туруп, Конституцияны өзгөртүүгө багытталган мыйзамга кол койгон.

БШК Баш мыйзамга таянуу менен 24-октябрдагы жыйынында Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону 2021-жылдын 10-январына дайындаган.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости