www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуу Британиядагы эң кары адам Жоан Хокард 112 жаш курагында көз жумду. Бул тууралуу Sky News маркумдун тууганына таянып билдирди. 

Хокард 1908-жылы 29-мартта туулган. Ошол эле күнү британиялык Боб Уитон жарык дүйнөгө келген. Ал 2020-жылдын февраль айынан бери Жер шарындагы эң кары адам деп эсептелген. Ушул жылдын май айында Уэйтон 112 жашында көз жумган. 

Хокарддын жээни, 74 жаштагы Пол Рейнольдстун айтымында, жеңеси өтө бай үй-бүлөдөн чыккан. 

Экинчи Дүйнөлүк согуш учурунда ал Лондондо тез жардам унааларын айдаган. Аял ар дайым толук жашоого умтулуп келген. Анын жээни май жана каймак жегенди жакшы көрөрүн жана диетага ишенбей тургандыгын айтты. 

Хокард дагы эрки күчтүү, абдан меймандос жана берилген адам болгон. 

Маалымат үчүн, азыр 111 жаштагы Лилиан Прист Улуу Британиядагы эң кары адам деп табылды.

Рушана Султонова

Булак: NazarNews.kg

Последние новости