www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын соту алдыга жылдырылды. Бул тууралуу соттук процесстин соңунда аталган партиянын лидери Адахан Мадумаров билдирди.

Анын айтымында, сотук отурум 9-сентябрга жылдырылды.

“Алдыга жылдырганы кызык болууда. Бизге азыр убакыт маанилүү. БШКда биз тууралуу маалымат бергендер жаштык кылып жатышат”, - деди Адахан Кимсанбаевич.

Белгилей кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) чечимине каршы «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын доо арызы бүгүн 7-сентябрда, саат 16:30да Бишкек шаардык сотунда каралып, ишти судья Анар Эгембердиева карады. 

Партиянын кызыкчылыгын адвокат Юлия Богданова коргоду.

Сот жараянына "Бүтүн Кыргызстандан" саясатчылар Адахан Мадумаров, Ишенбай Кадырбеков, Өмүрбек Суваналиев, Исхак Масалиев, Зияддин Жамалдинов катышты.

"Бүтүн Кыргызстан" партиясын колдоп келген активисттер, партиянын тарапкерлери соттон акыйкат чечим чыгаруусун талап кылып, акыйкаттык издеген жүздөгөн адамдар "Бүтүн Кыргызстан" шайлоого катышсын!" -деген ураан Бишкек шаардык сотунун имаратынын алдына чогулушкан.

Сот имартынын алдындагы эл  тынчтык жолу менен тарашты.

 

Последние новости