Кыргызстанда болгон айыл чарба реформасы өзүнүн башкача модели менен элди таң калтырып келатат. Ооба, колхоз-совхоз тарады, бирок аны ким таратты ушуну түшүнүш керек. СССР тараган соң Москванын дотациясы менен жан багып, бензин, соляркаларды төгүп-чачкан баягы колхоз-совхоздор таз кейпин кийишип, бир литр бензин үчүн асынып өлгөнгө чейин барып калышкан. Мунайзаттын каатчылыгы, мамлекеттик бюджеттен колхоз-совхоздорго бир тыйын да дотация бөлүнбөгөнү, айыл элин мукуратып, айыл чарбасын жок болуп кетүүгө алып келген. Ушундай мезгилде айыл чарба реформасы керек эле. Жаш окумуштуу Талгарбеков негизи Чаяновдун экономикалык принциптерине таянып, айыл чарбасында өзгөчө жаңы модель ойлоп тапкан. Эмне үчүн Чаяновдун моделине түшкөн жок? Эгерде айыл чарбасында колхоз-совхоздорду жоюп ордуна түз эле кооперативдерди уюштурганда, бир колхоздо жыйырмадай кооперация чыкмак. Демек, бир башкарманы активи менен жок кылып жыйырма башкарманы активи менен бага баштамакпыз.Ошол үчүн, биринчиден жерди, мүлктөрдү элге таратып, анан экинчи этапта гана кооперацияга бириктириш керек эле. Кооперацияга биригүү башталган, бирок ортодо бийлик улам-улам алмашуудан улам, бул процесс токтоп турат.
Орусияда кооперациянын кеңири жайылышы жана өнүгүшү жыйырманчы кылымдын башталышына туура келет. Анын теориялык базасын түзүүдө ири окумуштуу Чаянов Александр Васильевич жетишерлик роль ойногон. Ал дыйкандардын биргелешип, ынтыкмакташып ири товардык өндүрүш жүргүзүшкөндө, жогорку натыйжаларга жетишерин далилдеген. Бирок, бул жерден баса белгилей кетүүчү жагдай –ал дыйкандар өз менчиктерин, мисалы жерин, малын кооперативге кошуп жиберишкен эмес. Алар өндүрүштун ар кайсы процессин алышып, ири чарба өндүрүшү пайда алып келе турган иштерге ылайык кооператив түзүшкөн. Мисалы, өз жерлерин чогулушуп айдоо, өндүрүлгөн продукцияларды чогултуп кайра иштетүү, керектүү каражаттарды чогулуп сатып алуу. Ал кезде уюштурулган кооперативдер ыктыярдуу болгон жана кийин уюшулган колхоздорго таптакыр окшош эмес болчу. Ал кооперативдер рынок экономикасына ылайыкташтырылган , демек 1920 - 1930 жылдары айылда орнотула баштаган социалисттик пландык түзүлүшкө туура келбеген. Ошондуктан, Чаянов Александр Васильевичтин кооперация теориясы социализмге каршы деп табылып, өзү 1930-жылы турмөгө камалып, Алма-Ата шаарына сүргүнгө айдалган.
Бирок Чаяновдун идеялары, сунуштары Европанын башка өлкөлөрүнө тарай берди. Буга жооп катары СССРдеги террор учурунда 1937-жылы Чаянов кайрадан соттолуп, атууга кеткен. 1930-жылдары биздин мамлекетте коллективдештирүү күч менен жүргүзүлүп, кооперация кыймылы түп-тамырынан бери кыркылып жоготулуп, айыл жеринде колхоз –совхоздор орногонун, алар мамлекеттен ири дотацияларды алып өнүгүп –өскөнүн, 1980 - 1990 жылдары дотациялар азайганда эстери ооп оор кризиске кабылышканын, элди ачарчылыкка, жакырчылыкка айдап киришкенин, ошол колхоз –совхозубуз эле жакшы болчу деп ушул кезге чейин айрым аткаминерлер, жан багаарлар, аракечтер күйүнүшүп жүрүшкөнүн азыр көпчүлүк түшүнүп калбадыбы.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg