www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өнөр жай, энергетика жана тоо-кен мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов отун-энергетика комплекси боюнча ишканаларына алдыда аткарыла турган иштер боюнча  бир нече талаптарды койду. Бул тууралуу ведомстводон кабарлады.

Маалыматка ылайык, төрага бул ишканалардын жетекчилерин чогултуп, күз-кыш айларына даярдык жана парламенттик шайлоого карата участкаларды электр энергиясы менен камсыз кылуу боюнча кеңешме өткөрдү.

Ишканалардын алдына коюлган тапшырмалар:

  • Токтогул суу сактагычында сууну ырааттуу пайдаланууну камсыздоо;
  • Жылуулук жана жарыкка пайдаланылган электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү 100 пайыз чогултуу;
  • Электр жана жылуулук энергиясындагы жоготуулардын санын азайтуу;
  • Авариялык жана пландалбаган өчүрүүлөрдү алдын алуу үчүн бардык оңдоп-түздөө  иштерин аягына чыгаруу.

Ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо күнү шайлоо участкаларын үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо талабы коюлду.

Булак: NazarNews.kg
 
Последние новости