www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия биринчи инстанциянын жана Жогорку соттун чечимдери саясий уюмдун пайдасына чечилсе, “Бүтүн Кыргызстанды” кайрадан жарышка чыгарат. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Тынчтык Шайназаров билдирди.

Анын айтымында, “Бүтүн Кыргызстанга” 25-сентябрга чейин, бюллетендер басылып чыкканга чейин убакыт бар.

Тынчтык Шайназаров ошондой эле соттор шайлоо талаштары боюнча чечимдерди тездетилген тартипте – үч жумушчу күндүн ичинде чыгарат деп кошумчалады. “Эгерде партия сотто өз ишин далилдеп, шайлоо процессинин катышуучусу болуп кайтып келсе, анда ага өзүнчө катар номери берилет”, – деп түшүндүрдү ал.

Эскерте кетсек, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров Борбордук шайлоо комиссиясынын саясий бирикмелердин тизмесин каттоодон баш тартуу жөнүндө чечимин мыйзамсыз деп атап, башкармалыкка каршы сотко кайрыларын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости