www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Географиясы жер шарынын көбүн ээлеген Россияда 450 депутат бар. Бир чоң огородко окшогон бизге 120 депутаттын эмне кереги бар?
120 орунга жүздөгөн партиялар ат салышат, миңдеген элдин башын айланткан саясий делолор. Негизи ушу биринчи маселеге эл көңүл бурса жакшы болот эле.
7 областка 5тен болгондо деле 35 депутат аябай көптүк кылат. Татыктуу 5 партия болсо, ар бири татыктуу 5тен адамын берсе депутаттыка, ушундай кылып же башкачабы билбейм, реформа кылып салса аябай сонун анда.
Канчалык жумуш компакттуу жана эффективдүү чечилсе ошончо жакшы да.
Ушул жерде канчалаган "аттуу баштуулар" тим эле мамлекет үчүн жаным курман дегендей болуп тытышып жутунуп жатышат. Эгер ошончолук патриоттуулугу ашып жатса, ошол адамдардын, биринчи жогоруда айткандай состав ж.б. ЖКнын негизги структурасынан баштап иштеп башташса кана!
Бири-бирин шыбагандар, бийлик жаман деп жутунгандар баары эле бир казанда!!! Андай тарбия жада калса биздин коом ичинде да бар. Бир аз башы көтөрүлгөн адам болсо эле биринен ашып бири партия түзүп башташат. Анын ордуна бир сфераны өнүктүрсө, ошол "аттуу баштуу" ишкерлер!
Айылына, районуна асфальт басып алып эле "мен кыйынмын, бийликти мага бер" дегендер баары эле!!! Ар бир региондон чыккан чыгаандар өз регионунун жыртык тешигин жамап, кайсы бир тармакты өнүктүрүп, эл баатыры болуп жүрсө болбойбу?
Мисалы, элибизде чириген байлар бар. Аллар чек ара маселесин, таза суу маселесин бийлике жутунбай эле өз регионунда жашап, четинен ошол проблемаларга жардам кыла берсе болбойбу?
Жолу өтө көп. Биздин түшүнүктө аксакал десе карапайым, айылда чай ичип төрдө отурган атаны элестетебиз. Бирок, биздин генерал аксакалдар, кайсы тармакта иштебесин, ошол тармактын ийне-жибин билген аксакалдар, эмне кылса өсөөрүн билген аксакалдар келечекти ойлошсо, ошолор көп нерсе чечмек. Кийинки муунду тарбиялоо, салтты кармап, өткөзүп берүү ошолордун колунда. Бирок, тилекке каршы акчага сакалдарын, элечектерин саткандарды көрүп түңүлөсүң.
Кайсы өлкөнүн элдери жөнөкөй соода - сатыкта (үй, машина ж.б.) доллар деген сөздү колдонсо, демек ошол өлкөдө патриоттук түпкү фундамент жок! Өзүнүн валютасынан ардануу, бул өлкө катары куурагандык.
Разакова Дариха
Булак: NazarNews.kg