www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) чечимине каршы «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын доо арызы бүгүн 7-сентябрда, саат 16:30да Бишкек шаардык сотунда каралууда. 

Ишти судья Анар Эгембердиева кароодо. Партиянын кызыкчылыгын адвокат Юлия Богданова коргоп жатат.

Сот жараянына "Бүтүн Кыргызстандан" саясатчылар Адахан Мадумаров, Ишенбай Кадырбеков, Өмүрбек Суваналиев, Исхак Масалиев, Зияддин Жамалдинов катышууда.

"Бүтүн Кыргызстан" партиясын колдоп келген активисттер, партиянын тарапкерлери соттон акыйкат чечим чыгаруусун талап кылып, Бишкек шаардык сотунун имаратынын алдында турушат.

Акыйкаттык издеген жүздөгөн адамдар "Бүтүн Кыргызстан" шайлоого катышсын!-деген ураан менен турат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости