www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстанда 7-сентябрдан тартып 329 мамлекеттик мектеп кадимки режимде ишин баштап, окуучуларды кабыл алды. Бул тууралуу Өзбекстандын Элдик билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«5-сентябрга чейин Санитардык-эпидемиологиялык саламаттык борборлору мектептердин жаңы окуу жылына карата даярдыгын текшерип, мектеп кызматкерлери үчүн кошумча тренингдерди өткөрүштү. Мектептерди ачуу чечимин жергиликтүү элдик кеңештердин депутаттары Санэпидкөзөмөл борборлорунун сунушунун негизинде кабыл алышат», — деп жазылган министрликтин билдирүүсүндө.

Мекеменин басма сөз кызматы мамлекеттик мектептерде жаңы окуу жылы расмий түрдө 14-сентябрда башталарын билдирди. Өлкөдө жалпысынан  9 942 жалпы билим берүү мектеби бар.

Эске сала кетсек, Өзбекстанда коронавирус пандемиясына байланыштуу мектептер 16-мартта жабылып, онлайн билим берүүгө өтүшкөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости