www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Көк кит” оюнунан 3 бала каза тапты

Иранда “көк кит” оюнунун ойногон соң Хазар деңизине өзүн таштаган 4 баланын үчөө каза болду.

Дүйнө жүзүндө көптөгөн суицидге себеп болгон “Көк кит” оюнун ойногон Азербайжандын Мазендеран аймагына караштуу Махмудабад районундагы 4 өспүрүм Хазар деңизине өздөрүн таштаган.

Иран мамлекеттик телеберүүсүнө таандык Жаш журналисттер жамааты маалымат агенттигинде (YJC) билдирүү жасаган Мазендеран суучул жана куткаруучулар уюмунун башчысы Наки Керимян өзүн өлтүрүүгө аракет кылган 4 өспүрүмдүн үчөө каза болуп, бири куткарылгандыгын айтты. Ал эми куткарылган өспүрүмдүн айтуусу боюнча, ал берки үчөөнү таанычу эмес, “Көк кит” оюну аркылуу таанышып, финалга чыгуу үчүн бир жерге чогулушкан.

Оригиналы “Синий кит” деп аталган “көк кит” оюнунун аты Россиялык Люмень рок тобунун ырынан алынгандыгы божомолдонууда. “Эмне кыйкырасың, сени эч ким укпаса деле, маселе эмнеде” сөздөрү орун алган ырда бир желеге кире албай жаткан көк киттин окуясы баяндалат.

Аталган оюндун негиздөөчүсү Филипп Будейкин 2016-жылы Россияда камакка алынган. Филипп сот отурумунда: “коомду тазалап жатканын, курман болгондор болсо биологиялык калдыктар” экенин айткан.

Оюнга социалдык желеден катышкан кишилерден көбүнчө коркунучтуу 50 тапшырманы аткаруу талап кылынат. Эң акыркы баскычта “бийиктиктен секирүү же болбосо өзүн асып өлтүрүү” командасы берилет.

Адистер, балдар жана өспүрүмдөрдү суицидге түрткөн “кылмыштуу” бул оюнга каршы ата-энелердин кайдыгер карабоосу керектигин эскертишет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости