www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Гаитиде бир жылда 1 миллион 41 миң киши кылмыштуу топтордун зомбулуктарынан улам жер которду. Бул тууралуу трт.нет жазып чыкты.

Бириккен Улуттар Уюмунун Миграция боюнча эл аралык уюмунун басма сөз катчысы Кеннеди Окот Омонди БУУнун Женевадагы кеңсесинин жумалык маалымат жыйынында Гаитидеги кырдаалга байланыштуу билдирүү жасады.

Омонди өлкөдө уланып жаткан кылмыштуу топтордун зомбулуктарынан улам саламаттыкты сактоо жана азык-түлүк коопсуздугу сыяктуу негизги кызматтардын кыйрашынан улам жер которуунун дээрлик эки эсеге өскөнүн белгилеп, Гаитиде жер которгон адамдардын саны 2023-жылдын декабрь айында 315 миң болгонун эске салды.

"Биздеги эң конкреттүү маалыматтар - азыркы учурда  1 миллион 41 миң кишинин Гаитиде жер которгондугу. Бул адамдардын көбү бир нече жолу жер которгон", - деди.

Көп жылдардан бери саясий, экономикалык жана коопсуздук кризистери менен күрөшүп жаткан Гаити 11 миллиондон ашуун калкы менен ачарчылык коркунучунда.

Куралдуу бандалар борбордун 80 пайызын көзөмөлдөгөн өлкөдө зордук-зомбулук күч алууда.

Өлкөдөгү зомбулуктан улам мурдагы премьер-министр Ариэль Генри апрель айында  отставкага кетип, түзүлгөн Убактылуу кеңеш Гарри Конилди премьер-министр кылып дайындаган.

Кеңеш 11-ноябрда кызматынан бошоткон Конилдин ордуна ишкер Аликс Дидье Филс-Аймени премьер-министр кылып дайындаган.

Последние новости