www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Британия тактысынын мураскеринын жубайы, Уэльс ханбийкеси Кэтрин (Миддлтон), рак менен күрөшүүдө ремиссия абалы башталганын билдирди. Бул тууралуу Өзүнүн Асылзаты X социалдык тармагында жазган.
— "Ремиссияга жетишкеним чоң жеңилдик алып келди, эми толугу менен калыбына келүүгө көңүл буруп жатам. Рак диагнозу коюлган ар бир адам жакшы билет, жаңы реалдуулукка көнүү үчүн убакыт талап кылынат", – деп билдирди ханбийке.
Кэтрин алдыдагы жылды "жакшы өзгөрүүлөргө толгон" деп күтүп жатканын айтты, аны дарылоого катышкан дарыгерлерге жана колдоо көрсөткөн адамдарга ыраазычылык билдирди. 14-январда ханбийке 2024-жылы рак дарылоо курсунан өткөн Лондондогу ооруканага барды.
43 жаштагы ханзааданын жубайы 2024-жылдын январь айында ич көңдөйүнө операция жасаткан. Ал июндун ортосуна чейин расмий иш-чараларга катышпай, көпчүлүктүн алдына чыкпай келген. Башында Кенсингтон сарайы анын диагнозу тууралуу маалымат берген эмес. Анын узак убакытка чейин көрүнбөй калышы ар кандай ушак-айыңдарды жараткан. 2024-жылдын март айынын аягында ханбийке бул ушактарды токтотуп, онкологиялык диагнозго байланыштуу дарыланып жатканын билдирген. 14-июнда ал терапия ийгиликтүү жүрүп жатканын, бирок дагы бир нече ай уланарын айткан. Ошого карабастан, ханбийке расмий иш-чараларга катыша баштаган, мисалы, Улуу Британиянын падышасынын расмий туулган күнүнө карата өткөн парад жана Уимблдон теннис турниринин финалы.
2024-жылдын 26-январында падыша Карл III чоңойгон простатадан улам пландалган операция жасаткан. Ошол процедура учурунда ага рак диагнозу коюлганын Букингем сарайы февраль айынын башында билдирген. Падыша коомдук иштерден убактылуу четтеп, дарылануу курсунан өтүп жатканын ТАСС жазып чыкты.
Эске сала кетсек, Кэтрин Миддлтон Букингем сарайына эң эле татыктуу келин болгонун дүйнөлүк ММК жазышууда. Ал келин болуп баргандан бери аты аталган сарайдын жазылбаган мыйзамдарын бузган эмес. Анын жүрүм-туруму маркум Елизавета II ни толук канаттандырган.