www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Прокурор Жек Смиттин Дональд Трампка айып койгон докладды жарыяланды. Бул тууралуу дүйнөлүк маалымат айдыңы жазып чыкты. 

АКШнын Юстиция министрлигинин атайын баяндамасында 2020-жылдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу аракети боюнча Трампка каршы далилдер айыптоо өкүмүн чыгаруу үчүн жетиштүү деп табылган. Эгерде Трамп 2024-жылдагы президенттик шайлоодо жеңип чыкпаса, анда ал соттолмок. Бул тууралуу отставкадагы атайын прокурор Жек Смиттин билдирүүсүндө айтылат.

 —  "Моюнга алынган далилдер соттун өкүмүн ырастоо үчүн жетиштүү болгон", — деп айтылат маалыматта. Аны атайын прокурор Жек Смит өзү даярдаган.

Смит Трамп Жо Байден жеңген 2020-жылдагы АКШдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгын мыйзамсыз түрдө жокко чыгарууга аракет кылган деген айыптоолорду иликтеп жаткан.

Докладда Смит Трампты ар кандай жолдор менен анын ичинде өзүнүн оппоненттери катары кабыл алынгандарга карата коркутууларды жана зомбулуктарды жараткан жана бийликти мыйзамсыз кармап калууга болуп көрбөгөндөй аракеттерди жасаган үчүн айыптайт.

2020-жылдагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу аракети үчүн Трампка каршы козголгон кылмыш иши 2024-жылдын ноябрь айынын аягында, саясатчы президенттик шайлоодо жеңип чыккандан көп өтпөй токтотулган.

 — "Юстиция департаменти көптөн бери Конституцияда иштеп жаткан президентти федералдык кылмыш жоопкерчилигине тартууга тыюу салат деп жазылат, бирок шайлоонун жыйынтыгы, эгерде биринчи жолу буга чейин айыпталган жаран президент болуп шайланса, мыйзам кандай чечмелениши керек деген суроолорду жаратты" - деп билдирди Смит.

Жарыяланган докладда Смиттин АКШнын башкы прокурору Меррик Гарландга жазган каты камтылган.

 — "Биз ишти сотко бере албасак да, биздин команда мыйзамдын принциптерин аягына чейин сакташы маанилүү деп эсептейм", - деп жазган Смит катында.

Доклад жарыялангандан кийин Дональд Трамп Смитти "жинди" деп атаган жана анын иликтөө жыйынтыктары жасалма экендигин айткан.

Эске сала кетсек, Смит бул иш боюнча 2022-жылдын ноябрында атайын адвокат болуп дайындалган жана ал ошондой эле Трамптын резиденциясында жашыруун документтердин туура эмес сакталышын иликтеген. Трамп 2024-жылы АКШнын президенти болуп кайра шайлангандан көп өтпөй, Смит соттон республикачыга каршы ишти токтотууну суранган - атайын прокурор ал айыптарга макул экенин, бирок өлкөнүн Юстиция министрлигинин саясатында кылмыш ишин козгоо каралбаганын кесиптешибиз Асадбек Камилов жазып чыкты. 

Чындыгында бул жолку президенттик шайлоо АКШда болуп көрбөгөндөй  кызуу өттү. Бийлик Дональд Трампка тикелей каршы чыгып, айласы кеткенде бир нече жаш балдарды зордуктаганга шектелип кармалган ырчы, Пи Дидди менен байланышы бар деп жар салды.

Көп өтпөй Америка өздөрүнүн колунда турган, болочокту айтып берген "Симпсондор" саясый мультифильминде Трампты өлүп, келечекте Камала Харрис президент болот, деген тасма даярдашты. Трамптын бактысына жараша ага карата ок атылганы менен аман калды. 

Трамптын тарапташтары чыны менен өтө акылдуу, кыраакы экени байкалды. Дүйнөдө чириген байлардын катарында турган Илон Маск Трамптын президенттик шайлоодо жеңип чыгуусуна тикеден тик туруп, колунан келген жардамын аябай, коомчулукту сүйлөп жана бийлеп дагы өзүнө тарта алды.

Жыйынтыгында жеңишке өтө кыйынчылык менен жетти. Эми Трамп үчүн Смиттин каралоосу суу кечпейт. Анткени, Трампты баарыбыз кандай экенин билебиз. Эң башкы кадамын Джимми Картердин аза күтүү иш чарасында Камала Харристи бир нече ирет тикелей караганында байкалып турду. 

Калган кызыктар алдыда.

Гүлжан Шерипбаева, NazarNews.kg

Последние новости