www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Стамбулда жасалма алкоголдук ичимдиктерди өндүрүү жана таратуу менен алектенген эки түркмөн жараны кармалды. Бул тууралуу Өзбекстандын Стамбулдагы башкы консулдугу билдирди.
Алынган маалыматка караганда, Стамбулда акыркы 24 саатта жасалма алкоголдук ичимдиктерди ичүүнүн натыйжасында жалпысынан 38 адам ууланган. Ооруканага жаткырылгандардын 11и каза болгон.
Полиция окуя боюнча комплекстүү иликтөө иштерин баштады. Ооруканага кайрылгандардын 26сы чет элдиктер экени белгилүү болду.
Бул окуя боюнча эки түркмөн жараны кармалып, аларга кылмыш иши козголгон.
Бүгүнкү күндө жасалма алкоголдук ичимдиктерди ичүүнүн кесепетинен каза болгон Өзбекстандын жарандарынын саны 6га жетти. Анын ичинен 5 эркек, 1 аял.
Самарканд шаарындагы Химиктер кварталында 17 адам жасалма алкоголдук ичимдиктерди ичүүдөн ууланып каза болгону мурда кабарланган. Башкы прокуратура 13-январдагы уулануу окуясы боюнча расмий билдирүү жасап, алдын ала маалымат боюнча беш адам каза болгону кабарланган.