www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын президенти Жо Байден өзүнүн кызматындагы акыркы кайрылуусунда Ак үйдүн Овалдык кабинетинде иштеп турган мезгилинде Украина аркылуу Россияга каршы согуш үчүн 50 өлкөнү бириктирип, куралдандырганын билдирди.
Бул кайрылууга 2024-жылдагы Россиянын дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча пресс-конференцияда Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров дыкат көңүл бурду.
Лавров өз сөзүндө: "Байден... сыймыктануу менен, НАТОну жана Түндүк Атлантика альянсынын колдоочуларын бекемдей алганын, Украинага жардам берүү үчүн 50 өлкөнү куралдандырганын билдирди”.
Чынында, россиялык дипломат белгилегендей, Байдендин максаты бирөө эле болгон: "Украинанын колу менен Россияга каршы согуш жүргүзүү. Лавровдун айтымында, тарых кайра кайталанууда.