www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш COVID-19нын кийинки штаммы омикрондон да жаман болушу мүмкүн экенин эскертти.

«Биз COVID-19 менен күрөшүүдө өзгөчө кырдаал режимине өтүшүбүз керек. омикрон дагы бир эскертүү», - деди ал Башкы ассамблеянын жыйынында.

Гутерриш вирустун дүйнө жүзү боюнча жайылышын токтотуу келерки жылдын күн тартибинде калуусу керектигин кошумчалады.

Эске салсак, коронавирустун омикрон штамы же B.1.1.529 ноябрь айында Ботсванада жана Түштүк Африкада табылган. Адистердин айтымында, ооруп, эмдөө алгандар аны жуктуруп алышы мүмкүн.

Жаңы вариант буга чейин 110 өлкөдө аныкталган. Ал мурунку дельта штаммына караганда тезирээк жайылып, үстөмдүк кылат.

Эске салсак, Кыргызстанда коронавирустун «омикрон» штаммы 12-январда аныкталган.

Бул боюнча республикалык штабдын жетекчиси Эдил Байсалов учурда коронавирустун «омикрон» штаммы ар бир үй-бүлөгө жеткенин парламентте билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости