www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Акчаң болсо - бир эмес, а эки-үч ЖОЖдун дипломун сатып ал деген нерсе көп кездешип калган", - деди бүгүн, 22-январда NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Турсунбай Бакир уулу.

"Нарматова болобу, бөлөгү болобу - баары мыйзамдын астында тең болууга тийиш. Жасалма дипломдор үчүн Жогорку Кенештин мурдагы чакырылыштагы депутаттары да, Өкмөттүн мүчөлөрү да жоопкерчиликке тартылган. Эмне үчүн жасалма диплом менен 7-чакырылышта депутат болгондорго “исключение” болушу керек?!

Негедир мурдагы чакырылыштагы депутаттарга “Жогорку билимдүү болушуң керек” деген талап коюлбачы. Ошол эле учурда айыл кеңештердеги депутаттар сөзсүз жогорку билимдүү болуш керек деп мыйзамга жазылып калган экен. Бул укуктук катаны 2021-жылы жоюшту жана жаңы Жогорку Кеңешке келип жаткан талапкерлерге ЖОЖдун диплому абзел деп мыйзамга жазып коюшту.

Президент Садыр Жапаров УКМКга бийликтеги бардык аткаминерлердин дипломдору текшерилсин деп тапшырма берди. Жасалма дипломдору барлар дагы аныкталышына көзүм жетип турат, анткени ЖОЖдордогу коррупция ушул терс көрүнүшкө алып келди. Акчаң болсо - бир эмес, а эки-үч ЖОЖдун дипломун сатып ал деген нерсе көп кездешип калган…

 “Мыйзам. Ыйман. Тартип” деп чыккандардын сөзү менен иши айкалышпаганын көрүп эми эл да саясатта ким ким экендигин билип калышкандыр…", - деп белгиледи ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости