www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевге Бириккен Улуттар Уюмунан (БУУ) жаңы статус ыйгарылды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан Telegram-каналы маалымдады.

Абройлуу наамдын берилгени тууралуу БУУнун Генералдык Ассамблеясынын атайын сессиясында жарыя кылынган. Статус "Тынчтыктын чемпиону, өзөктүк сыноолорго көз каранды эмес" деп аталат. Элбашы бул наамды 29-августта белгиленүүчү Өзөктүк сыноолорго каршы эл аралык күндүн урматына алган.

Назарбаев өзөктүк сыноолорго каршы жасаган демилгеси менен таанымал. 1991-жылдын 29-августунда анын чечими менен дүйнөдөгү эң ири деп эсептелген Семипалатинскидеги өзөктүк полигон жабылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости