www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпеонун орун басары Стивен Биган Кривой Рогго барып, ал жерде Украинанын президенти Владимир Зеленский менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу өлкөнүн басма маалыматына таянып, элдик булактар жазды.

Маалыматка ылайык, бул жолугушууда украин президенти Украина менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы эки тараптуу кызматташуу маселесин көтөрдү, тактап айтканда мамлекетке каржылык жана аскердик колдоо көрсөтүү жөнүндө. Өз кезегинде Америкадан келген конок АКШ Украинанын стратегиялык өнөктөшү деп ишендирди.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын июль айында Украинанын мамлекеттик карызы 86 миллиард гривенге көбөйүп, 1-августка карата 85,05 миллиард долларды же 2,355 триллион гривенди түзгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости