www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 15-сентябрда БУУнун Коопсуздук кеңеши Ооганстан өкмөтү менен "Талибан" кыймылынын сүйлөшүүлөрүн кубаттап, тараптарды согушту биротоло токтотууга чакырган резолюция кабыл алды. Мындан тышкары кеңеште Бириккен Улуттар Уюмунун Ооганстандагы саясий миссиясынын ишин дагы бир жылга узартуу чечими кабыл алынды.

Ооган өкмөтү, НАТО жана АКШ бийлиги "Талибан" кыймылын ондогон жылдарга созулган кан төгүүнү токтотууга чакырып келет.

Эске салсак, 12-сентябрда Катардын башкалаасы Дохада оогандардын тынчтык сүйлөшүүлөрү башталган. Бирок ооган Коргоо министрлиги сүйлөшүүлөр башталгандан кийин да Ооганстандын жер-жеринде талибдер менен өкмөттүк күчтөр ортосунда кармаш жүрүп жатканын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости