www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек-Баткен-Бишкек аба каттамы кайрадан ишке кирди

15-сентябрдан тарта Бишкек-Баткен-Бишкек багыты боюнча аба каттамы кайрадан жанданды. Өлкөдө коронавирус илдети жайылып, эпидемиологиялык кырдаал курчуганына байланыштуу ички каттамдар 25-марттан баштап убактылуу токтотулган эле.

Эми ички катам кайрадан жанданып, Бишкектен Баткенге 94 жаран учуп келсе, Баткенден борборго 86 жаран учуп кетти. Ушул күнгө чейин эс алууда болгон Баткен аба майданынын кызматкерлери да ишке чыгышып, жүргүнчүлөрдү санитардык талаптарды аткаруу менен тейлеп жатышат. Учурда Баткен-Бишкек аба каттамы боюнча билеттер 3500 сомдон 4200 сомго чейин сатылып жатат. Каттамдар жумасына бир жолу - шейшемби күнү жүргүзүлөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости