www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Каракол шаарында алтын сөйкөлөрдү уурдады деген шек менен аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-сентябрда Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, милицияга 29 жаштагы А.А. аттуу тургун кайрылып, 14-сентябрда “Бугу” базарындагы зер буюмдар дүкөнүнөн белгисиз адамдар алтын уурдап кетишкенин билдирген. Буюмдун жалпы баасы 16 миң 800 сомду түзөт.

Белгилүү болгондой, окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барып, алтын буюмдарды уурдаган шектүү кызды кармашкан. Ал Түп районунун Коочу айылынын 26 жаштагы Б.А., аттуу тургуну болуп чыкты, андан алтын сөйкөлөрү заттык далил катары алынган.

"Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 200-беренеси (“Уурулук”) менен сотко чейинки өндүрүш башталды. Сотко чейинки процесстин алкагында шектүүнүн башка кылмыштарга катыштыгы текшерилет" -деп айтылат башкармалыктын билдирүүсүндө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости