www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиялык теле алып баруучу Артур Цветков кечирим сураган кыргызстандык Манап Абдразаков Ассоль Молдокматованы колдогон  видео кайрылуусун Instagram баракчасына жарыялаган.

- Сиз Ассолду улутчулдукту козутту деп күнөөлөп жатасыз, анткени өзүңүздүн айыбыңызды жабайын деп жатасыз, бизде сиздин видео бар. Жүздөгөн посттор жазылган, "сен кимсиң", "депортация кылам" деген сөздөрүнө таарынган дээрлик бардык Кыргызстандыктар жазган. Биз бир элбиз.

Мен сыймыктанган Кыргызстандыкмын жана биз басынтууга  эч качан жол бербейбиз. Мен сизден ачык сурайын дегем - эмне үчүн кечирим сурадыңыз? Анан кайра сотко берип акча өндүрөм дейсиз?

Эскерте кетсек, 2020-жылы 11-сентябрда россиялык журналист, MTV каналынын мурдагы алып баруучусу Артур Цветков (Арчи) видео кайрылуу жазып, анда Ассоль Молдокматовадан нацизмге айыптап, миллион доллар чөндүрүп алуу ниетин билдирген.

«Коомдук тамактануу кызматкери менен болгон чырда, анын белгилүү алып баруучулардын бири мени нацист деп атап, хайп кылууну чечкен. Сыягы, ал бул сөздүн маанисин билбесе керек. Ошого карабастан, аял биз менен бир тууган кыргыз элинин жакшы бөлүгүн атайлап каршы коюп, биз тез арада чечип берген чыр-чатакты күчөттү, азыркы учурда коопсуздук менен ары-бери жүрүүгө аргасызмын. Жогоруда айтылгандарга таянып жана келечектеги провокаторлорго үлгү көрсөтүү менен, мен бул окуяга катышкандарды улуттар аралык кастыкты козуткандыгы жана үй-бүлөмдүн түндөрүн уйкусуз калтыргандыгы үчүн жоопко тарткым келет. Бир миллион доллар өлчөмүндөгү моралдык компенсация төлөп беришин көздөйм », - деди Цветков.

Цветков жарыялаган комментарийлерде Кыргызстандан айрым колдонуучулар россиялык журналист Москвадагы тез тамактануучу жайлардын бириндеги окуядан улам өзүн атайылап рекламалап жатат деп жазышкан.

Үстүбүздөгү жылдын август айынын орто ченинде Москвадагы коомдук тамактануучу жайда MTV каналынын мурунку алып баруучусу Артур Цветков Кыргызстандан барган ашпозчуну маска кийүү өтүнүчү менен депортация кылабыз деп коркуткан.

Белгилүү улуттук коомдук ишмерлер жана шоу-бизнес өкүлдөрү кыргыз жаранын коргоп сөз сүйлөштү. Мындан тышкары, алып баруучунун жүрүм-турумун MTV Russia телеканалынын башчысы айыптады.

Кийинчерээк Цветков кыргызстандык менен жолугуп, андан кечирим сурады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости