www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шашылыш билдирүү! Жаан карга айланып, үшүк жүрөт

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы 17-сентябрдан 21-сентябрга чейин өлкөдө жаан жаап, тоолуу райондордо жаан карга айланышы боюнча шашылыш билдирүү таратты.

Маалыматка караганда, Кыргызстандын айрым аймактарында үч күн жаан катуу жаап, бийик тоолуу жерлерде кар түшүүсү күтүлүүдө. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши ыктымал.

Абанын температурасы кескин төмөндөп, 18-19-сентябрда Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 14…19 градус болот. Таласта абанын температурасы түнкүсүн 2…7, күндүз 11…16 градус деп божомолдонду. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 9…14, күндүз 18…23 градус, Ысык-Көл менен Нарында түнкүсүн 3…8, күндүз 12…17 градус болушу ыктымал.

Ал эми 20-21-сентябрларда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Чүй облусунун тоо этектериндеги кээ бир райондордо температура 0…-2 градуска чейин төмөндөп, үшүк жүрөрү айтылды.

ӨКМ мындай аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика, коммуналдык кызматтардын жумушун жана жайыттарда мал кармоону кыйындата турганын кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости