www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сирия менен Орусиянын Идлиб провинциясындагы мектептерге, ооруканаларга жана базарларга жасаган аба соккуларын аскердик кылмыш катары баалоого болот. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Сириядагы окуяларды иликтөө үчүн түзүлгөн көз карандысыз комиссиясынын баяндамасында жазылган. Мындай маалыматты Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты.

«Марттагы элдешүү жараянына чейинки өкмөттүк күчтөрдүн ылгабастан жасаган аба соккуларынан жүздөгөн адам мерт болуп, миллионго жакын тургун үй-жайын таштап качууга аргасыз болгон. Бул адамзатка каршы жасалган кылмышка тете», — деп жазылган баяндамада.

Комиссиянын башчысы Пауло Пиньейрунун айтымында, БУУ террордук деп тапкан өкмөтчүл күчтөр Сирияда согуш мыйзамдарын жана жарандардын укуктарын одоно бузушкан.

Баяндамада Сириянын түндүк-батышындагы 52 чабуул жөнүндө жазылып, алардын 47син өкмөттүк күчтөр Орусиянын колдоосу менен жасаганы белгиленген.

Мындан тышкары 5-мартта Маарет-Мисрин шаарына жакын жердеги качкындар жайгашкан канатуулар фабрикасына, 29-январда жикчилдердин көзөмөлүндөгү Ариха шаарындагы оорукананын жанына бир нече сокку жасалганы жазылып, булар үчүн жоопкерчилик Орусиянын аскердик авиациясына жүктөлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости