www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ютубер Талант Сагынбаев “боор ооруса боорго тебесиңер да медиктер” деп медицина кызматкерлерине кайрылды.

Сагынбаевдин айтымында, ал ооруп жаткан агасын керектүү аппарат менен  улуттук госпиталга алып келген. Бирок эки күндөн бери ал каралган эмес.

“Бул жерде абал аябай оор. Адамдар көп келип жатат. Биздин байкебиз эки күндөн бери ооруп, дем алуусу начар болгондугуна байланыштуу бул жакка аппараты менен алып келгенбиз. Абалы оор болгондуктан, жандандыруу бөлүмүнө киргизиш керек болчу. Бирок, ал жакка киргизбей койду. Тааныштарды салып жатып, бир күн дегенде араң киргиздик...

Урматту дарыгерлер, медиктер, мен төрт-беш күндөн бери медиктерге  тамак ташып жардам берип жүрөм. Боор ооруса боорго теппегиле да. Адамдар көп келип атат, туура, бирок жакшылап түшүндүрүп айтып койгула да. Келсе орой мамиле кылып жатат. Мындай болбойт да. Силерге адамдар үмүт кылып келет...”Тайота” чоң жип унаа келсе 4-5 дарыгер чыгып карап атат. Ал эми карапайым эл келсе эшиктен эле кууп жатышат”, - деди Талант Сагынбаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости