www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Кыргызстандагы конституциялык бийликтин мыйзамдуу өкүлү деп президент Сооронбай Жээнбековду гана тааныйт. Бул тууралуу 12-октябрда тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен телефон аркылуу сүйлөшүүдө БУУнун Башкы катчысынын Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Наталья Герман билдирди.
Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы кабарлагандай, БУУ өкүлү бул уюм Кыргызстандын ишенимдүү өнөктөшү болуп келгенин жана кызматташтыгы улана берерин белгилеп, өлкөдө түзүлгөн кырдаалдан тынч жол менен чыгууга чакырды.
Герман президент мыйзамдын негизинде, бардык саясий күчтөрдүн колдоосу менен туура чечимдерди кабыл аларына үмүт бар экенин айтты. БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш Кыргызстанда болуп жаткан окуяларга кылдат көз салып жатканын белгилеп, кризистен чыгуу жолдорун табууга, жаңы парламенттик шайлоо өткөрүүгө жана экономиканы тезинен турукташтырууга жардам берүүгө даярдыгын билдирди.
Министр Айдарбеков БУУ өкүлүнө ыраазычылык айтып, президент Жээнбеков Кыргызстанда болуп жаткан саясий процесстерди мыйзам нугуна бурууга бардык аракеттерди көрүп жатканын кошумчалады.
Эске салсак, Кыргызстанда 4-октябрда өткөн кезектеги парламенттин жыйынтыгына нааразылык митингинен кийин өлкөдө башаламадык окуялары катталып, саясий кризис орноп турат.
Булак: NazarNews.kg