www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ушул жай айлары метеорологиялык байкоо жүргүзүлө баштагандан бери эң эле аптаптуусу болду. Аба температурасынын мындай жогорулашы климаттын өзгөрүүсү менен күрөштү активдештирүүнү талап кылат. Бул тууралуу БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш айтканын РИА Новости жазды.

"Планетабыз кайнаган мезгилди башынан кечирди, бул байкоо жүргүзүлө баштагандан берки эң ысык жай болду. Климаттык кризис башталды", — деди Гутерриш.

Анын айтымында, климат адамзатты табигый кубулуштардын кесепетин жоюуга жетиштирбей бузулууда.

"Аба температурасынын кескин жогорулашы ыкчам чара көрүүгө аргасыз кылат. Лидерлер климаттын өзгөрүүсү менен күрөшүү жаатындагы аракеттерин активдештириши керек. Өтө жаман кесепеттерди алдын ала алабыз", — деген башкы катчы.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости