www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ошто ири өлчөмдөгү наркотикалык зат ташыгандар кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 29-августта Кара-Суу районунун аймагында 42 жаштагы Б.К. жана 45 жаштагы М.С. аттуу жарандардын башкаруусундагы “Toyota Crown” үлгүсүндөгү автоунааны токтоткон учурда, айдоочу жана жүргүнчү качууга аракет жасашкан. Качуу аракетинде жүргүнчү катары бара жаткан жаран баштыкка оролгон 2 даана заттарды кылмыштын бетин жашыруу максатында талааны көздөй ыргытып жиберген.
Жыйынтыгында автоунаанын айдоочусу жана жүргүнчүсү кармалып, соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, табылып алынган наркотикалык зат “Каракуурай чайыры” (смола канабисса) болуп чыккан. Анын салмагы 1 килограмм 992,4 граммды түзгөн.
Шектүүгө карата Кылмыш-жаза Кодексинин 282-берененин 3-бөлүгү менен (баңгизат каражаттарынын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.
2023-жылдын 31-август күнү баш коргоо чарасы каралып, 2 айга камакка алынды.
Учурда тергөө иштери улантылууда.
Булак: NazarNews.kg