www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерреш 11-июнда Кыргызстанга келет. Ал Бишкекте президент Алмазбек Атамбаев менен жолугат. Андан соң, Ош шаарына барып, 2010-жылда болгон Ош окуяларына карата уюштурулган иш-чарага катышат. 

Иш сапар Борбор Азияны кыдыруунун алкагында болмокчу. Гутеррештин иш сапарында Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстанга келүү пландалган.Ал аталган мамлекеттердин башчылары менен да жолугуп, бир катар маселелерди талкуулайт. 

Маалыматта Астана шаарында БУУ башчысы Шанхай кызматташтыгы уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын отурумуна катышып, анда чыгып сүйлөөрү айтылган. Ошондой эле, Ашхабадда 13-июнда өтүүчү Борбор Азиянын терроризм менен күрөшүүсүнө арналган жогорку деңгээлдеги жыйынга катышат.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости