www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азыркы күндө орусиядагы мекендештерибиз кыйла оор абалда турган чагы. Коомдук транспорттордо жана жеке такси кызматын өтөп жашоосун кечирип келе жаткан биздин бир боорлорубузга жаңы мыйзамдын ишке кирет дегени хаоско алып келди. Ансыз деле оор шартта күн кечирип, үй-бүлөсүн багып, жаркын келечекке шарт түзүп алалы деген кыргызстандыктардын учурдагы абалына кыргыз өкмөтү кайдыгер карамак тургай, бул маселеге "дың" деп да койбогону чындыгында кооптондурат. Ойлонуп келип шордуу мигрант мекендештерибизди тагдырдын өгөй балдарына салыштырасың. Өкмөт да парламент да жети күндөн бери боорлошторду түйшүкко салып жаткан маселеге үн катпай отургандары албетте таң калдырат. Бул маселенин тегерегинде жаралган суроолорго, орусияда жеке ишмердүүлүк менен алектенип жаткан ишкер Алтынбек Эргешев менен болгон маекте учурдун көйгөйү тууралуу суроо узаттым.

- Алтынбек мырза, өзүңүз көп жылдан бери орусияда эмгектенип келе жатасыз, бүгүнкү күндө орусиядагы кыргыз мигранттарынын абалыына кандай баа бересиз?

- Биринчиден кечиресиз баа бере албайм. Бирок жалпысынан алган абал албетте көңүл жубатаарлык эмес. Чындыгында кыйналып жатышат. Учурда көп көйгөйдү жаратып жаткан маселе боюнча айтсам албетте оор абалда. Таксисттик кызматта, коомдук транспорттордо айдоочулук милдетти аткарып жаткан мекендештерибиз азыркы учурда бир топ кыйналып жатышат. Алардын көйгөйүн чечүүгө аракет кылып жатабыз. Бирок мамлекет тарбынан көңүл бурулса кыйла жеңилдиктер болобу деген ойдомун. Тилекке каршы андай боло элек. Жол коопсуздугу боюнча жаңы мыйзамдын ишке кириши тескери таасирин берип жатат. Бизге жеткен маалыматтарга таянсак айдоочулардын машиналарын авто унаа токтотуучу жайга алпарышып 5000 рублдан жогору штраф салып, андан соң ал жерден 30 000 рубль төлөшүм автоунааларын чыгарып кетип жатышыптыр. Эгерде экинчи жолу кайрадан колго түшсө 15000 рублдан 50000 рублга чейин штраф салынып, автоунаа токтотуучу жайдан кайра чыгарып кетүү үчүн мамлекеттик казынага 200000 рубль өлчөмүндө каражат төлөөсү керек экендиги айтылууда. Бул албетте чоң чыгым жана оор абал.

- Улуттук айдоочулук күбөлүктү орусиянын күбөлүгүнө алмаштыруу канчалык деңгээлде ишке ашып жатат?

- Биздин улуттук айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу орусияда өтө эле оор. Ушуга чейин бир дагы жарандын атайы экзаменден өтүп күбөлүгүн алмаштырганы боло элек. Өз күчүнө ишенип барган айдоочуларды ГАИ кызматкерлери экзаменден атайылап өткөрбөй жаткандыгы дагы маалымдалды. Бул жакта айдоочулук күбөлүктү алдым деген эч кандай маалымат жок. Андан сырткары сынак оор болгондуктан кээ бир мекендештерибиздин орус тилди билбегенине байланыштуу сынактан өтүү оорчулук жаратууда. Тапшыргандар албетте бар бирок бири дагы күбөлүк ала элек.

- Алтынбек мырза, айтсаңыз Бажы биримдигинин бул маселеге пайдасы барбы же тескерисинче залакасы тийип жатабы деген суроо туулат...

- Бажы биримдигинин азырынча пайдасы тие элек. Ал гана эмес бажы биримдигине кирген өлкөлөрдүн жарандарына айдоочулук күбөлүк берилет же болбосо кандайдыр бир жеңилдиктер болот деген официалдуу маалымат дагы келе элек. Эгерде бул маселеде Бажы биримдигине кирген мамлекеттердин жарандарына тиешеси жок делсе анда албетте пайдасы тоодон чоң. Бирок тилекке каршы пайдасы боло элек. Өкмөт тарабынан кандайдыр бир маалымат келсе мекендештерибизге бир кыйла жардам болоор эле. Канчалаган биздин жарандар ушул көйгөй жаралгандан бери кыйынчылык тартып башташты. Алардын арасында атай автоунааларды кредитке алгандар бар, кээ бири атайы таксопарк ачып унааларды ижарага бергендер бар. Алардын тагдыры бүгүнкү күндө жоопсуз.

Албетте көңүл жубатаарлык жооп болбогону жаралган көйгөйдүн үстүнө дагы көйгөй жаратуусу анык. Андыктан ыйык орозо айында алыста жүргөн мекендештерибиздин иши жеңилинен чыгып маселесин чечүүгө бир гана жараткандан жардам сурап үмүт кылып отуралы.

Назира Бегим, NazarNews.kg

Сүрөттө жеке ишкер Алтынбек Эргешев.

Последние новости