www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
13-ноябрда БУУнун Душанбедеги кызматкерлери Хамас менен Израилдин ортосундагы жаңжалда каза болгон кесиптештерин бир мүнөт унчукпай эскеришти.
Дүйшөмбү күнү БУУнун дүйнө жүзүндөгү кеңселери курман болгон кесиптештерин эскерүү аземин өткөрүштү жана аза күтүү үчүн желектерин түшүрүштү.
Газа тилкесиндеги аскердик операциялардын жүрүшүндө БУУнун Палестин качкындары боюнча агенттигинин 101 кызматкери набыт болду. БУУнун Женевадагы башкы кеңсесинин башчысы Татьяна Валованын айтымында, уюмдун тарыхында Газадагы кагылышууда эң көп кызматкери каза болду.
БУУнун Өнүктүрүү программасынын Душанбедеги кеңсеси Фейсбуктагы баракчасына: "Биз Газа тилкесинде трагедиялуу түрдө каза болгон кесиптештерибиздин эрдигине, кайраттуулугуна жана өз ишине берилгендигине таазим кылабыз жана аза күтөбүз", - деп билдирди.
Бул арада БУУнун Палестин качкындары боюнча агенттиги күйүчү май тартыш болуп жаткандыктан, Газадагы иши токтоп калышы мүмкүн экенин дүйшөмбү күнү эскертти. “Газага күйүүчү май жеткирүүгө уруксат берилбесе, гуманитардык операциялар 48 сааттын ичинде үзгүлтүккө учурашы ыктымал”, - деп жазды агенттиктин Газадагы директору Томас Уйат Х (мурдагы Твиттер) социалдык түйүнгө.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху 240ка жакын киши барымтадан бошотулмайынча ок атуу токтобосун кайталады. ХАМАС радикал тобу 7-октябрда Израилге кол салаганда 1400 кишини өлтүрүп, 200дөн ашуун кишини Газанын аймагына алып кеткен.
ХАМАС радикал тобу башкарган Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин жекшемби күнкү маалыматы боюнча, 7-октябрдан бери тилкеде 11 миңден ашуун адам мерт болду. Алардын 4500дөйү балдар. Газада өлгөндөрдүн арасында эл аралык уюмдардын кызматкерлери, журналисттер да бар.
Булак: NazarNews.kg